6-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламаларын, суроо-талаптарын жана чечимдерин жөнөтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 1-глава
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Мыйзамда каралган кабарламалары, суроо-талаптары, чечимдери өтүнмө ээсине, укук ээсине, башка кызыкдар жакка почта, электрондук почта же көрсөтүлгөн жактардын коммуникациясынын башка электрондук формалары аркылуу жөнөтүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламаларын, суроо-талаптарын жана чечимдерин жөнөтүү мөөнөтү чечим кабыл алынгандан кийин үч жумушчу күндөн ашпашы керек.
3. Өтүнмө ээси, укук ээси, башка кызыкдар жак ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кабарламасын, суроо-талабын жана/же чечимин төмөнкү жолдордун бири аркылуу ала алат:
1) жеке өзү;
2) почта боюнча;
3) ыйгарым укуктуу органга берилген өтүнмөдө, арызда же башка кайрылууда дареги көрсөтүлгөн электрондук почта же коммуникациянын башка электрондук формалары аркылуу.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээси, укук ээси, башка кызыкдар жак тарабынан дареги көрсөтүлгөн почта, электрондук почта жана коммуникациянын башка электрондук формалары аркылуу жөнөткөн кандай болбосун кабарлама, суроо-талап жана чечим жөнөтүлгөн датадан тартып талаптагыдай жеткирилген болуп саналат.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-6" title="6-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>