14-берене. Алдын ала экспертиза жүргүзүү
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 3-глава
1. Өтүнмө берилген датадан тартып он жумуш күндүн ичинде алдын ала экспертиза жүргүзүлөт, анын жүрүшүндө өтүнмөнүн мазмуну ушул Мыйзамдын 7-6еренесинин 1-бөлүгүндө жана 11-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык экендиги текшерилет.
Алдын ала экспертизанын жыйынтыгы боюнча өтүнмө кароого кабыл алынат же болбосо аны кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылып, өтүнмө ээсине жөнөтүлөт.
2. Өтүнмөгө алдын ала экспертизанын оң жыйынтыгы жөнүндө чечим менен бир убакта өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмөнүн берилген датасы жана өтүнмөнүн номери билдирилет.
3. Алдын ала экспертизанын оң жыйынтыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык белгилерге берилген өтүнмөлөр жөнүндө маалыматтарды расмий сайтына жарыялайт. Маалыматтардын тизмеги жана аларды жарыялоонун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Өтүнмө жарыяланган датадан тартып үч айдын ичинде кандай болбосун жак ушул Мыйзамдын 9 жана 10-беренелеринде белгиленген талаптарга өтүнмөдөгү белгинин ылайык эместиги жөнүндө далилдерди камтыган жазуу жүзүндөгү каршы пикирди берүүгө укуктуу.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-14" title="14-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>