53-берене. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын укуктары
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 12-глава
1. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамда жана товардык белгини, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоого тиешелүү башка ченемдик укуктук актыларда каралган укуктарды Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде пайдаланышат.
Мындайда көрсөтүлгөн принциптерди пайдаланууну каалаган жакка өз ара түшүнүшүүнүн болушун далилдөө милдети жүктөлөт.
2. Кыргыз Республикасында жашаган жарандыгы жок адамдар товардык белгини, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоого тиешелүү ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган укуктарды Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей пайдалана алат.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
53-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-53" title="53-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>