6-берене. Терроризмге каршы аракеттенүүнүн субъекттери
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 2-глава
1. Терроризмден коопсуздукту камсыз кылуучу субъект болуп мамлекет саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин жана аткаруу бийлигинин башчысы болуп саналуу менен:
1) аткаруу бийлик органдарынын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ишине башчылык кылат жана жетектейт;
2) терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдарды координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
3) жарлыктарды жана тескемелерди чыгарат;
4) Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети):
1) терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программаларды (пландарды) иштеп чыгат, бекитет жана аларды ишке ашырууну камсыз кылат;
2) мамлекеттик органдардын терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ишин зарыл күчтөр, каражаттар жана ресурстар менен камсыз кылууну уюштурат;
3) террористтик коркунучтун деңгээлдерин, аларды киргизүү тартибин белгилейт, ошондой эле террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чаралардын мазмунун аныктайт;
4) Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмегин аныктайт;
5) улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Терроризмге каршы борбору (мындан ары - Терроризмге каршы борбор) жөнүндө анын ишинин тартибин жана компетенциясын аныктаган Жобону бекитет;
6) терроризмге каршы операцияны башкаруу боюнча республикалык жана аймактык ыкчам штабдардын ишинин тартибин, түзүмүн жана ыйгарым укуктарын аныктоочу Терроризмге каршы операцияны башкаруу боюнча ыкчам штаб жөнүндө жобону бекитет;
7) Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия жөнүндө жобону жана анын курамын бекитет;
8) терроризмге каршы операцияны жүргүзүүдө транспорт каражаттарын пайдаланууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартибин аныктайт;
9) терроризм актысын жасоонун натыйжасында каза болгон адамдардын сөөгүн коюу тартибин аныктайт;
10) терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды, ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга же терроризмге каршы операцияны жүргүзүүгө катышкан адамдарды реабилитациялоо тартибин аныктайт;
11) терроризм актысына бөгөт коюуда келтирилген материалдык зыянды компенсациялоо тартибин аныктайт;
12) террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргоо абалын аныктоого багытталган окуу-практикалык жана алдын алуу иш-чараларынын түрлөрүн жана өткөрүү тартибин аныктайт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдар менен биргеликте терроризмдин алдын алуу, ошондой эле анын көрүнүштөрүн азайтуу жана (же) кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
2) муниципалдык менчикте же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган объекттерди терроризмге каршы коргоого карата талаптарды аткарууну камсыз кылат;
3) жарандарда терроризм идеологиясын кабыл албоону калыптандыруу жана аларды терроризмге каршы аракеттенүүгө катышууга тартуу максатында терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдар менен биргеликте терроризмдин маңызын жана анын коомдук коркунучун түшүндүрүү боюнча маалыматтык-пропагандалык иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
4) терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдарга террористтик иш тууралуу өздөрүнө белгилүү болгон маалыматтар, ошондой эле алар тууралуу маалымат террористтик иштин алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле анын кесепеттерин азайтууга түрткү боло турган ар кандай башка кырдаалдар тууралуу маалымдайт.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун…Постановление · 10.02.2023 · № 56
- Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 138 "Террористтик коркунучтун деңгээлдери, аларды киргизүүнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин…Постановление · 11.03.2023 · № 138
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 102 "Терроризм актысына бөгөт коюуда келтирилген материалдык зыянды компенсациялоо тартибин бекитүү…Постановление · 28.02.2023 · № 102
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 97 "Террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргонуу абалын аныктоого…Постановление · 07.03.2024 · № 97
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112387/st-6" title="6-берене - Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>