Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене. Аткаруу бийлик органдарынын терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы компетенциялары
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 2-глава
Министрлер Кабинети өзүнө баш ийген органдарга төмөнкүлөр боюнча компетенцияларды бөлүштүрүү жана берүү жолу менен терроризмге каршы аракеттенүү боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат:
1) террористтик ишти, анын ичинде контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү аркылуу алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу;
2) терроризм актысын даярдоого жана жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу, ошондой эле террористтик коркунучтарды талдоо жана божомолдоо;
3) терроризмге каршы операцияларды уюштуруу жана жүргүзүү;
4) терроризмге каршы машыгууларды, ошондой эле террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргоо абалын аныктоого (айкындоого) багытталган башка атайын иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
5) маалыматтык терроризмге жана терроризм максаттары үчүн жергиликтүү жана глобалдык маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды колдонууга каршы аракеттенүү;
6) терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан өзүнө баш ийген органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
7) маалымат системасынын мазмунун аныктоо жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу;
8) террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү;
9) мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде жана чек ара зонасында террористтерди табуу жана кармоо, ошондой эле террористтердин мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү аракеттерин аныктоо, табуу жана бөгөт коюу;
10) террористтик мүнөздөгү кылмыштары үчүн жазасын өтөп жаткан адамдарды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү;
11) жасалган терроризм актысынын натыйжасында пайда болгон өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жана анын кесепеттерин жоюу;
12) терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга шашылыш медициналык жардамды, медициналык-психологиялык коштоону уюштуруу;
13) терроризмге каршы натыйжалуу аракеттенүү үчүн зарыл болгон башка компетенциялар.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз…Постановление · 22.06.2026 · № 434
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 670 "Айрым мамлекеттик органдарга терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө компетенцияларды берүү боюнча…Постановление · 05.11.2024 · № 670
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112387/st-7" title="7-берене - Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>