5-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) терроризмге каршы операция - терроризм актысынын кесепеттерин азайтууга багытталган, кара күчтү, аскердик, күжүрмөн жана башка техниканы, куралды, атайын каражаттарды, кызматтык иттерди колдонуу менен терроризм актысына бөгөт коюу, террористтерди, жардыруучу түзүлүштөрдү зыянсыздандыруу, жеке жактардын жана уюмдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү атайын, ыкчам-күжүрмөн, аскердик жана башка иш-чаралардын комплекси;
2) терроризмге каршы машыгуулар - террористтик коркунучтарга бөгөт коюу жана сокку берүү үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары, анын ичинде терроризмге каршы аракеттенүүчү башка субъекттер, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлүүчү терроризмдин алдын алууга, макулдашылган аракеттерди өркүндөтүүгө жана иштеп чыгууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
3) терроризм актысы - калкты коркутуу, коомдук коопсуздукту бузуу же бийлик органдарынын же болбосо эл аралык уюмдардын чечим кабыл алуусуна таасир этүү максатында жардыруу, өрт коюу же адамдардын өлүү же башка оор кесепеттердин болуу коркунучуна алып келүүчү башка иш-аракеттерди жасоо, ага тете ошол эле максатта ушул аракеттерди жасоо коркунучу;
4) барымтага алынган адам - мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) кармалган адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары кандайдыр бир аракетти жасоого же жасоодон баш тартууга мажбурлоо максатында туткунга алынган жана (же) кармалган жеке жак;
5) терроризмге каршы операцияны жүргүзүү зонасы - чектеринде терроризмге каршы операция жүргүзүлүп жаткан жердин, суу объекттеринин айрым участоктору же аба мейкиндиги, транспорт каражаты, имарат, курулуш, курулма, жай жана ага жанаша аймактар же акваториялар;
6) маалыматтык терроризм - террористтик ишти жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтык технологияларды колдонуу;
7) терроризмге каршы аракеттенүү - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын төмөнкүдөй иши.
а) терроризмдин алдын алуу боюнча;
б) террористтик ишти аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, террористтик мүнөздөгү кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө (терроризмге каршы күрөшүү) боюнча;
в) терроризмди азайтуу жана (же) кесепеттерин жоюу боюнча;
8) терроризмдин алдын алуу - жарандарда зомбулук идеологиясын кабыл албоого тарбиялоо жана аларды терроризмге каршы аракеттенүүгө катышууга тартуу максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүүчү терроризмдин маңызын жана коркунучун түшүндүрүү, терроризмдин пайда болушуна жана жайылышына түрткү берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо, иликтөө, жок кылуу боюнча укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук, тарбиялык, пропагандалык, атайын жана башка чаралардын комплекси;
9) террористтик уюм - террористтик ишти жүзөгө ашыруучу, же болбосо аларга карата Кыргыз Республикасынын сотунун аны террористтик деп таануу жөнүндө чечими кабыл алынган жана мыйзамдуу күчүнө кирген, өз ишинде терроризм актысынын мүмкүндүгүн тааныган адамдардын тобу;
10) терроризм - калкты коркутууга жана (же) укукка каршы зомбулук аракеттердин башка формаларына байланышкан зомбулук идеологиясы жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же эл аралык уюмдардын чечим кабыл алуусуна таасир этүү практикасы;
11) террорист - терроризм актысын жасап жаткан же кандай формада болбосун террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого катышып жаткан жеке адам;
12) террористтик материалдар - террористтик иштин белгилерин жана (же) аны жүзөгө ашырууга чакырыктарды камтыган терроризм актысын жасоо ыкмалары жана каражаттары тууралуу, же болбосо мындай ишти жүзөгө ашыруу зарылдыгын негиздеген же актаган ар кандай маалыматтык материалдар;
13) террористтик иш:
а) террористтик мүнөздөгү төмөнкү кылмыштардын кайсынысын болбосун жасоо:
- терроризм актысын уюштуруу, пландоо, даярдоо, жасоо, же болбосо аны жасайм деп коркутуу;
- террористтик ишти жүзөгө ашырууга карата ачык чакырыктар же терроризмди ачык актоо, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармагын пайдалануу менен актоо;
- терроризм актысын жасоо максатында мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү, кылмыштуу уюмду же уюшкан топту түзүү, ага тете мындай түзүмдөргө катышуу;
- терроризм актысын жасоо үчүн жарандарды даярдоо;
- террористтик ишке көмөк көрсөтүү;
- террористтик ишти каржылоо;
- жарандын чет мамлекеттин аймагында куралдуу чыр-чатактарга же согуштук иш-аракеттерге катышуусу же террористтик даярдоодон өтүүсү;
- террористтик максаттарда адамды барымта катарында алуу же кармоо;
- террористтик максаттарда имараттарды, курулмаларды, билдирүү жана байланыш жолдорун же каражаттарын, башка коммуникацияларды басып алуу же болбосо кармап туруу;
- террористтик максаттарда башка кылмыштарды жасоо;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык террористтик түшүнүккө туура келген башка жосундарды жасоо.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112387/st-5" title="5-берене - Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>