Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 10-февралы № 56 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун маселелери жөнүндө "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын курамы 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 201.3-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
3-тиркеме
Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын курамы Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы. Ведомстволор аралык координациялык комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри; Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Антитеррордук борбордун директору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №…Положение · 10.02.2023 · № 56
- Стратегиялык жана башка объекттердин терроризмге каршы корголушунун Талаптары (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 273 токтомуна)Требования · 29.05.2023 · № 273
- Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 56…Положение · 10.02.2023 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз…Постановление · 22.06.2026 · № 434
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө" жобо (КР Ɵкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 токтому менен бекитилген)Положение · 15.02.2013 · № 71 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти…Постановление · 15.02.2013 · № 71 · Күчүн жоготкон
- "Антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71…Положение · 15.02.2013 · № 71 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук…Постановление · 15.02.2016 · № 68 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 02.10.2017 · № 640 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук…Постановление · 18.08.2017 · № 504 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 04.07.2022 · № 55
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти…Постановление · 15.02.2013 · № 71 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 16 февралындагы № 68 токтомуПостановление · 16.02.2016 · № 68
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 02.10.2017 · № 640 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук…Постановление · 18.08.2017 · № 504 · Күчүн жоготкон