Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 20-января № 9 "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. "Административдик-аймактык бирдиктердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдардын аталышын адамдардын аттары менен атоого жана кайра атоого тыюу салынат, буга төмөнкү учурлар кирбейт, эгерде:
1) адамдар географиялык объекттердин ачылышына, изилденишине, өздөштүрүлүшүнө же негизделишине түздөн-түз катышкан болсо;
2) көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын өкүлдөрү жана тарыхый инсандар мамлекетке эмгек сиңирген болсо.
Географиялык объекттерди кайра атоого айрым географиялык объекттерге өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүү максатында жол берилет. Географиялык объекттерди кайра атоо боюнча бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлөт.";
2) 12-статьядагы "жана жаңы аталыштар берүүгө" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67
- Төлөк айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 40 "Төлөк айылындагы Школьный көчөсүнүн атын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2025 · № 40
- Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 14 "Дара айыл өкмөтүнүн аталышын Алтын-Ордо аталышына өзгөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.02.2023 · № 14
- Семенов айылдык аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 22-январындагы №3 "Семеновка айылынын Ленин көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2024 · № 3
- Төлөк айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 39 “Маловодное” айылдын атын “Назар-Ата” ысымына өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2025 · № 39
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.