Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Дара айыл өкмөтүнүн аталышын Алтын-Ордо аталышына өзгөрүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы 2023-жылдын 28-февралы № 14 Дара айыл өкмөтүнүн аталышын Алтын-Ордо аталышына өзгөрүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасын 2022-жылдын 20-январындагы №9 мыйзамында "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 03-26-февраль күндөрү ар бир айылдарда өткөрүлгөн №1,2,3,4,5- жалпы элдик чогулушунун протоколдорунун негизинде, Дара айылдык кеңеши токтом кылыт:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аталышын Алтын-Ордо айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аталышын өзгөртүп берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Керектүү иш кагаздарын жүгүзүү жагы айыл өкмөтүнүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Ж.Үсөновко милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.