1-берене
Күчүндө · 20.01.2022 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. "Административдик-аймактык бирдиктердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдардын аталышын адамдардын аттары менен атоого жана кайра атоого тыюу салынат, буга төмөнкү учурлар кирбейт, эгерде:
1) адамдар географиялык объекттердин ачылышына, изилденишине, өздөштүрүлүшүнө же негизделишине түздөн-түз катышкан болсо;
2) көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын өкүлдөрү жана тарыхый инсандар мамлекетке эмгек сиңирген болсо.
Географиялык объекттерди кайра атоого айрым географиялык объекттерге өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүү максатында жол берилет. Географиялык объекттерди кайра атоо боюнча бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлөт.";
2) 12-статьядагы "жана жаңы аталыштар берүүгө" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 20.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112347/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>