Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
88-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Салык милдеттенмесин аткаруунун, ошондой эле салык карызын (мындан ары - салык карызынын суммасы) жоюунун мөөнөтүн өзгөртүү деп салык карызынын суммасын төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн кыйла кийинки мөөнөткө которуу түшүнүлөт.
2. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул главада каралган тартипте гана жол берилет.
Эгерде ушул главада башкача каралбаса, төлөө мөөнөтү салык карызынын төлөнбөгөн суммасына пайыздарды эсептөө менен салык карызынын төлөнүүгө тийиш болгон бардык суммасына карата өзгөртүлүшү мүмкүн.
3. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө формасында жүзөгө ашырылат.
4. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү аны төлөө боюнча колдонуудагы милдеттерди жойбойт жана жаңыларын түзбөйт.
5. Ушул Кодекстин 34-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү банктык кепилдик менен гана жүргүзүлөт.
6. Ушул берененин жоболору акциз салыгы боюнча салык карызынын суммасына карата колдонулбайт.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…менен салык карызынын төлөнүүгө тийиш болгон бардык суммасына алынып салынды: же болбосо анын бөлүктөрүнө карата өзгөртүлүшү мүмкүн.
3. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн … акциз салыгы боюнча салык карызынын суммасына карата колдонулбайт.
кошулду: (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №272 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 06.06.2008 · № 272 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-88" title="88-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>