Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
75-берене. Банкрот деп таанылган же жарыяланган төлөөгө кудуретсиз уюмдун же жеке ишкердин салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Банкрот деп таанылган же жарыяланган төлөөгө кудуретсиз уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Салык милдеттенмесин эсептөө төлөөгө кудуретсиз уюмду банкрот деп таануу же жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.
3. Банкроттук жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн алкагында банкроттук жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки мезгил үчүн эсептелген салык милдеттенмеси банкроттук жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аткарылууга тийиш.
4. Жоюу жол-жоболорун колдонуу менен банкроттук процессинде турган төлөөгө кудуретсиз уюмда бул жол-жоболорду жүзөгө ашыруу процессинде салык милдеттенмеси келип чыкпайт.
5. Эгерде төлөөгө кудуретсиз уюм санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорун колдонуу менен банкроттук процессинде турса, салык органынын салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча бардык иштери токтотулат.
Мында бул уюмга карата ар кандай мүлктүк талаптар салык органы тарабынан санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорунун чектеринде гана коюлушу мүмкүн.
6. Санациялоо же болбосо реабилитациялоо жол-жоболору башталганга чейин төлөөгө кудуретсиз уюмда түзүлгөн салык карызы уюмдун жогоруда көрсөтүлгөн банкроттук жол-жоболору аяктагандан жана анын төлөө кудуреттүүлүгү калыбына келтирилгенден кийин гана төлөнүүгө тийиш.
7. Эгерде ушул главада башкасы каралбаса, банкрот деп таанылган же жарыяланган жеке ишкердин салык милдеттенмесин, ошондой эле салык карызын аткаруу уюмдар үчүн ушул беренеде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
8. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жол-жоболорун колдонуу менен банкроттук процессинде турса, салык алынып салынды: кызматынын органынын салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча бардык иштери токтотулат.
Мында бул уюмга карата ар кандай мүлктүк талаптар салык алынып салынды: кызматынын органы тарабынан санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорунун … 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № алынып салынды: 37 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 37, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 токтому менен бекитилген "Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө" жобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү…Постановление · 28.03.2018 · № 158 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-75" title="75-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>