Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
76-берене. Өлгөн же өлдү деп жарыяланган жеке жактын салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Жеке жак өлгөн же сот тарабынан өлдү деп жарыяланган учурда нотариус, жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча орган, сот мурас ачылган күндөн тартып 6 айдын ичинде мурас ачылган жердеги салык кызматынын органына кабарлоого милдеттүү.
2. Мурас ачылгандыгы жөнүндө кабарлоо алынган күндөн кийинки күндөн тартып 5 күндүн ичинде салык органы өлгөн жеке жактын салык карызынын бар экендиги тууралуу мурас ачылган жердеги нотариуска жана мураскорго билдирүүгө милдеттүү.
3. Салык органы өлгөн жеке жактын салык карыздарынан келип чыгуучу өз талаптарын мурастын аткаруучусуна (мурасты башкаруучуга) же мураскорлорго коюуга укуктуу.
4. Өлгөн жеке жактын салык милдеттенмеси өлгөн адамдан мүлктү мураска алган мураскор тарабынан мураска алынган мүлктүн наркынын чектеринде жана мурастаган үлүшкө пропорциялуу түрдө мурасты алган күндөн кийинки күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен аткарылат.
5. Мында укук улантуучуда салыктык укук бузууларды жасагандыгы үчүн өлгөн жеке жакка мурда эсептелген салык санкцияларын төлөө милдеттенмеси мураскордун аткаруусу боюнча укук улантуучулук келип чыкпайт.
6. Мураскор жок болсо же мураскор мурасты кабыл алуудан баш тартса, ошондой эле өлгөн жеке жактын салык карызынын өлчөмү мураска калуучу мүлктүн наркынан жогору болсо, салык карызынын төлөнбөгөн суммасы үмүтсүз карыз деп таанылат.
7. Сот тарабынан өлдү деп жарыяланган жеке жактын салык милдеттенмесин аткаруу өлгөн жеке жак үчүн ушул беренеде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
( 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кабарлоо алынган күндөн кийинки күндөн тартып 5 күндүн ичинде салык алынып салынды: кызматынын органы өлгөн жеке жактын салык карызынын бар экендиги тууралуу мурас ачылган жердеги нотариуска жана мураскорго билдирүүгө милдеттүү.
3. Салык алынып салынды: кызматынын органы өлгөн жеке жактын салык карыздарынан келип чыгуучу өз … өлгөн жеке жак үчүн ушул беренеде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
кошулду: ( 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-76" title="76-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>