Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 „Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 февраля 2022 года № 95 "О мерах по реализации требований статей 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 и 415 Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-марты № 158 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- Жобонун жана анын тиркемелеринин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "мөөнөтүндө аткарылбаган салык милдеттенмесин камсыз кылуу боюнча маалымдоо" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктык карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө чечим" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктык карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө чечимди тапшыруу;";
- 52-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52. Эгерде башкасы каралбаса, салыктык карызы бар болсо жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 75-беренесине ылайык салык төлөөчүгө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүндүгү берилбесе, салык органы салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктык карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн сумманын чегинде ушул салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салыкты өндүрүп алуу жана/же мүлктү башкарууну чектөө жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.";
- 135-пунктунун экинчи абзацындагы "кабар" деген сөз "билдирүү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 13-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-глава. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктык карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө чечим";
- 144-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"144. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктык карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө салык кызматынын органынын чечими деп салыктык милдеттенмени мыйзамда белгиленген мөөнөттө аткаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талабы таанылат.";
- 145-пунктундагы "Салыктык маалымдоо" деген сөздөр "Салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктык карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө чечим" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- төмөнкүдөй мазмундагы 145-1-пункт менен толукталсын:
"145-1. Салыктык карызды төлөө мөөнөтү салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктык карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө чечимди тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндү түзөт, ал Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.";
- 147-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "147. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктык карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө чечим салыктык карызы бар салык төлөөчүгө тапшыруу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген формада түзүлөт."; экинчи абзацындагы "маалымдоону" деген сөз "чечимди" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 148-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"148. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктык карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө чечим салык төлөөчүгө тапшырылат жана салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактын банктык (валюталык) эсептеринен сумманы өндүрүүгө, анын мүлкүнүн тизмесин түзүүгө, ошондой эле ушул Жобонун 2-пунктуна ылайык салыктык карыздын суммасын мажбурлап өндүрүү максатында ишти сотко өткөрүү үчүн негиз болот.";
- жогоруда аталган Жобонун 5-тиркемесинин 1-пунктундагы "Көрсөтмөгө" деген сөз "Чечимге" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 25-тиркемесинин 3-графасындагы "Кабарлоо" деген сөз "Чечим" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 28-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рейддик салыктык контроль жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- маркаланууга тийиш болгон товарларды тийиштүү контролдук жана аныктыгынын идентификациялык белгилерисиз сатуу.";
- 19-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19. Салык төлөөчү алкоголдуу жана тамеки буюмдарын, ошондой эле маркаланууга тийиш болгон башка товарларды сатса акциздик маркалардын, контролдук идентификациялык белгилердин болушу же жоктугу жана алардын аныктыгы, анын ичинде тийиштүү электрондук-маалыматтык элементтин болушу менен аныкталгандыгы милдеттүү түрдө текшерилет."; экинчи абзацы "маркаларынын" деген сөздөн кийин "жана/же контролдук идентификациялык белгилеринин" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинин 13-пункту "маркаларынын" деген сөздөн кийин ", контролдук идентификациялык белгилердин болушу жана алардын аныктыгы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 токтому менен бекитилген "Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө" жобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Рейддик салыктык контроль жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жөнүндө" ЖобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 24.02.2022 · № 95
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон