Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
73-берене. Уюмду кайра уюштурууда салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Кайра уюштурууда салык төлөөчү бул жөнүндө салык органына жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
2. Кайра уюштурулган уюм салык милдеттенмесин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган фактылар жана/же жагдайлар укук улантуучуга белгилүү болгондугуна же болбогондугуна карабастан кайра уюштурулган уюмдун салык милдеттенмеси укук улантуучу тарабынан аткарылат.
3. Бир нече уюм кошулганда салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө алардын укук улантуучу деп мындай кошулуунун натыйжасында пайда болгон уюм таанылат.
4. Бир уюм экинчи уюмга кошулганда салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө бириккен уюмдун укук улантуучусу деп кошуп алган уюм таанылат.
5. Уюм бөлүнгөн учурда мындай бөлүнүүнүн натыйжасында пайда болгон жаңы уюмдар бөлүштүрүү балансына ылайык, салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө өзгөртүп түзүлгөн уюмдун укук улантуучусу болуп таанылат.
6. Уюмдун курамынан бир же бир нече уюм бөлүнгөндө анын салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө өзгөртүп түзүлгөн уюмга карата, эгерде өткөрүү актысында башкача белгиленбесе, укук улантуу пайда болбойт.
7. Уюмду өзгөртүп түзүүдө жаңыдан пайда болгон уюм укук улантуучу болуп таанылат.
8. Өзгөртүп түзүлгөн уюмдун салык милдеттенмесин аткарууда укук улантуучулардын катышуу үлүштөрүн белгилөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
9. Эгерде өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында укук улантуучунун катышуу үлүшүн аныктоого мүмкүн болбосо же анын салык милдеттенмесин толук көлөмдө аткарууга мүмкүн болбосо, анда укук улантуучулар өзгөртүп түзүлгөн уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу боюнча бирдей жоопкерчилик тартат.
10. Уюмду өзгөртүп түзүү укук улантуучулар тарабынан салык милдеттенмесин аткаруу мөөнөттөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
11. Уюм тарабынан ал өзгөртүп түзүлгөнгө чейин ашыкча төлөнгөн салыктардын суммасын салык органы өзгөртүп түзүлүп жаткан уюмдун салык карызын жоюу эсебине кириштөөгө тийиш.
12. Өзгөртүп түзүлүп жаткан уюмдун салык карызы болбосо, салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасы ушул Кодексте белгиленген тартипте анын укук улантуучуларына кайтарылып берилүүгө же алар үчүн салык милдеттенмесин аткаруу эсебине кириштелүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…карызын жоюу
1. Кайра уюштурууда салык төлөөчү бул жөнүндө салык алынып салынды: кызматынын органына жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
2. Кайра уюштурулган уюм … өзгөртүп түзүлгөнгө чейин ашыкча төлөнгөн салыктардын суммасын салык алынып салынды: кызматынын органы өзгөртүп түзүлүп жаткан уюмдун салык карызын жоюу эсебине … тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № алынып салынды: 78 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 78, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 токтому менен бекитилген "Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө" жобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-73" title="73-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>