Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
72-берене. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Салык төлөөчү ушул беренеде каралган учурларда жана тартипте салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонууга укуктуу.
2. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими төмөнкү учурларда колдонулат, эгерде салык төлөөчү:
1) салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим тапшырылган датадан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен салык калдыгынын толук суммасын жана мындай текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептелген салык санкциясынан төлөнгөн күнгө эсептелген 50 пайыз өлчөмүндөгү сумманы, ошондой эле төлөнгөн күнгө эсептелген туумдардын 50 пайызын төлөсө;
2) такталган салык отчету берилген датадан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен ушул отчеттуулукка ылайык төлөнүүгө тийиш болгон салык калдыгынын толук суммасын, ошондой эле төлөө күнүнө эсептелген, төлөнүүгө тийиш болгон туумдун 30 пайыз өлчөмүндө сумманы төлөсө;
3) салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимге салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечими тапшырылган датадан тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен салык калдыгынын толук суммасын жана мындай текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептелген салык санкциясынан төлөнгөн күнгө эсептелген 70 пайыз өлчөмүндө сумманы, ошондой эле төлөнгөн күнгө эсептелген туумдардын 70 пайызын төлөсө.
Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими салык төлөөчүнү төмөнкүлөрдөн бошотот:
- ушул бөлүктүн 1 жана 3-пункттарында каралган учурларда, туумдардын жана салык санкциясынын калган бөлүгүнөн;
- ушул бөлүктүн 2-пунктунда каралган учурларда, туумдардын калган бөлүгүнөн жана салык санкциясынын 100 пайызынан.
3. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу салык төлөөчүнүн аны колдонуу тууралуу арызынын негизинде жүзөгө ашырылат. Жеңилдетилген режимди колдонуу жөнүндө арыз ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кечиктирилбестен берилет.
4. Ушул берененин максаттары үчүн ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн төлөмдөрдү төлөө деп төмөнкүлөр таанылат:
1) салык төлөөчү тарабынан накталай эмес акча формасында төлөө;
2) салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын, пайыздарын, туумдарын жана салыктар боюнча салык санкцияларын ушул төлөмдөрдү төлөөнүн эсебине чегерүү.
5. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган бардык талаптар сакталган учурда салык органы ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер берилген учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө чечим чыгарат жана туумдардын пайыздарынын жана салык санкциясынын калган бөлүктөрүн эсептен чыгарат.
6. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимде көрсөтүлгөн салыктын бир же бир нече түрлөрү боюнча салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин жарым-жартылай колдонууга жол берилет.
Салыктын бир түрүнүн мезгили боюнча салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин жарым-жартылай колдонууга жол берилбейт.
7. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонгондо салыктык текшерүүнүн натыйжалары боюнча эсептелген салык милдеттенмеси салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы деп автоматтык түрдө таанылат, салыктык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чечим андан ары даттанылбайт.
8. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө арыздын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы N 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чегерүү.
5. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган бардык талаптар алынып салынды: сакталса, кошулду: сакталган учурда салык органы ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер … аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө чечим кошулду: чыгарат жана туумдардын пайыздарынын жана салык санкциясынын калган бөлүктөрүн эсептен чыгарат.
6. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимде көрсөтүлгөн салыктын … салык органы тарабынан бекитилет.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы N 185 кошулду: , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Салык карызын өндүрүү ТАРТИБИ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна)Порядок · 22.03.2022 · № 150
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-72" title="72-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>