Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
457-берене. Жалпы жоболор
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 62-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 185
1. Ушул главада каралган салык режими Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган соода рынокторунун аймагында ишин жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөргө гана (мындан ары - өзгөчө режимдеги соода зонасы) карата колдонулат.
Өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык, импорттоочу субъект жана дистрибьютор тарабынан товарларды сатып өткөрүүнү кошпогондо, соода ишине карата колдонулат.
21. Өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында соода ишин жүргүзүүчү субъект салыкты тандоо боюнча жалпы салык режиминин же бирдиктүү салыктын негизинде атайын салык режиминин негизинде төлөөгө укуктуу.
3. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчүгө жалпы салык режиминин же бирдиктүү салыктын негизинде атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү субъектти кошпогондо, Кыргыз Республикасынын калган аймагында товарларды сатуу боюнча иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
31. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө белгиленген шарттарга шайкеш келбеген учурларда, салык төлөөчү учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына өзгөчө режимдеги соода зонасында салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүгө жана салык төлөөчү арыз берген ай боюнча мындай бузууга жол берилген айдын 1-күнүнөн тартып жалпы салык режиминин негизинде эсептелген салыктарды төлөөгө милдеттүү.
Эгерде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына салык төлөөчүнүн өзгөчө режимдеги соода зонасындагы каттоосун жокко чыгарууга арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү аны бербесе же өз учурунда бербесе, анда салык төлөөчү мындай тартип бузууга жол берилген айдын 1-күнүнөн тартып шайкеш келбегендиги аныкталган ай боюнча жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү деп таанылат.
4. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык ушул главага ылайык салык салынууга тийиш болгон ишке карата бул салыкты төмөнкүлөрдүн ордуна төлөө милдетин карайт:
1) пайдага салык;
2) сатуудан алынуучу салык;
3) салык салынуучу берүүлөргө КНС.
5. Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын салык төлөөчүсү ушул Кодекске ылайык ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды төлөөгө милдеттүү.
51. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
52. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агентинин милдеттеринен бошотулбайт.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
458- берене. Өзгөчө режимдеги соода зонасын иштетүүгө карата талаптар
1. Өзгөчө режимдеги соода зонасында рыноктун ээси төмөн-күлөргө милдеттүү:
1) төмөнкүлөргө контроль жүргүзүүгө:
а) салыктык жана/же эсептик каттоосу болгон учурда ишкердик субъектке жайларды жана соода аянттарын ижарага берүүгө;
б) салыктык жана/же эсептик каттоосу жок, ошондой эле салык салуудан качкан учурда, анын ичинде салык органынын талабы боюнча ижарачы жана субижарачы менен келишимди бузууга;
2) төмөнкүлөрдү туруктуу негизде түзүүгө жана жаңыртууга:
а) кол менен жылдырылуучу арабалардан тышкары, белгилүү бир шифр менен белгиленген номер коюлган соода орундарын жайгаштыруу схемаларын;
б) ишкердик субъекттер менен түзүлгөн келишимдери жөнүндө маалыматтарды: субъекттин аталышын жана ИСНи, келишимдин колдонуу мөөнөтүн, берилген соода орду үчүн ижара акысынын суммасын көрсөтүү менен салык төлөөчүлөрдүн, анын ичинде ижара берүүчүлөрдүн, ижарачылардын, субижа-рачылардын реестрлерин;
3) ушул бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына ай сайын берип турууга;
4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча салыктык контролду жүргүзүүдө салык кызматы органдарына көмөк көрсөтүүгө.
2. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында ушул Кодекске ылайык салык салуу жүзөгө ашырылуучу башка ишти жүзөгө ашырууга жол берилет.
4. Ушул берененин талаптары бузулган учурда өзгөчө режимдеги соода зонасында рыноктун ээсине карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын…Инструкция · 03.12.2024 · № 729
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябры № 575 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 414, 457 жана 461-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 09.09.2025 · № 575
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы N 575 "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 19.10.2023 · № 557
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү…Постановление · 12.02.2026 · № 95
- Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.12.2025 · № 262
- Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.07.2024 · № 136
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 309 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575 “Салык салуу…Постановление · 13.06.2024 · № 309
- КР Министрлер Кабинетинин 13.06.2024 №309 токтомуПостановление · 13.06.2024 · № 309
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-457" title="457-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>