Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 414, 457 жана 461-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-сентябры № 575
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 414, 457 жана 461-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 414, 457 жана 461-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыктын ставкасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Аймагында өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык колдонулуучу Кыргыз Республикасынын базарларынын жана чакан базарларынын реестри 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) соода чөйрөсүндөгү иш 4-тиркемеге ылайык.";
2) бул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
- 21-пункт "жеке эмгек ишин жүргүзгөн" деген сөздөрдөн кийин "чек ара жанындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
22
Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну, такси кызмат көрсөтүүлөрүн жана курьердик кызмат көрсөтүүлөрдү заказ кылуу үчүн колдонулуучу, салык агентинин маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, курьердик иштин кызмат көрсөтүүлөрү
53.20.0
1000
";
- 30-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2) 500 кв.метрге чейинки турак эмес аянттын 1 объекти үчүн (1 квадрат метр үчүн)
68.20.0
700
";
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- 2-пунктчада:
үчүнчү абзацта "товарларды," деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- соода ишин жүргүзгөн жана патенттин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчүлөргө;";
- 3-пунктчада "0,1, 0,5 жана 1 пайыздык ставкалары боюнча соода ишин жүргүзгөн, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зоналарында соода ишин жүргүзгөн учурда" деген сөздөр "0,5 пайыздык ставкасы боюнча соода ишин жүргүзгөн, ошондой эле товарларды экспорттоо учурларын кошпогондо, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибинде:
- 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 613-пункт менен толукталсын:
"613. Ушул Тартиптин 611-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучулары катары каттоого жана эсеп-фактураларды тариздөөгө карата талаптар жайылтылбаган жактардан товарларды сатып алууда салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте товарлар жөнүндө маалыматтарды эсеп-фактуралардын маалыматтык системасына киргизет.".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмесинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 36-пунктча менен толукталсын:
"36) патенттин негизинде иш жүргүзүүдө салык төлөөчү тарабынан товарларды сатуу.".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пунктта:
- 1-пунктчада "2025-жылдын 15-июлунан" деген сөздөр "2026-жылдын 1-январынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктчада "1-февралынан" деген сөздөр "1-июлунан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Бул токтом 2025-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 5-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 69 (3725) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Begin_nocompare
1-тиркеме
Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыктын СТАВКАСЫ
№
Бир соода ордуна түшкөн пайданын билдирилген көлөмү
Салыктын суммасы (учурдагы календардык жыл үчүн сом менен)
1
Лотоктордо, прилавкаларда, чатырларда, көчмө кол арабаларында, бастырмаларда жана металл конструкцияларда 4000000 сомго чейин;
18000
2
Түшкөн пайданын төмөнкүдөй көлөмү менен соода объекти (контейнер ж.б.) жана/же стационардык жай:
1) 8000000 сомго чейин
42000
2) 8000000 сомдон 12000000 сомго чейин
72000
3) 12000000 сомдон 15000000 сомго чейин
96000
4) 15000000 сомдон 22000000 сомго чейин
168000
5) 22000000 сомдон 30000000 сомго чейин
252000
6) 30000000 сомдон 50000000 сомго чейин
360000
7) 50000000 сомдон 100000000 сомго чейин
500000
8) 100000000 сомдон 150000000 сомго чейин
800000
9) 150000000 сомдон 200000000 сомго чейин
900000
10) 200000000 сомдон жана андан жогору
1000000
Эскертүү: салыктын суммасы календардык жылдын калган айларына эсептелет жана төлөнөт, ошол эле учурда салыктын төлөнгөн суммасы ал төлөнгөндөн кийин кайтарылбайт.
2-тиркеме
Аймагында өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык колдонулуучу Кыргыз Республикасынын базарларынын жана чакан базарларынын РЕЕСТРИ
№
Базардын жана чакан базардын аталышы
Субъекттин аталышы жана ИСНи
1
"Дордой базары" базары
"Дордой базары" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00101199210205
"Дордой" Спорттук Клубу жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 01004200710181
"Дордой Паркинг Түндүк" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 02201202010078
"Мурас-Спорт" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН
02511199510017
2
"Мурас-Спорт" базары
"СТФ Сервис" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00205200210237
"ДОРДОЙ МОЛЛ" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00412201810302
3
"Дордой Азия" (Джунхай) базары
"Мурас-Спорт" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 02511199510017
4
"Алкан Базары" базары
"Алкан Базары" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 01110199410078
5
"Дордой автотетиктер" базары
"Долон-Дордой" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 02209199810057
6
"Ак-Суу" базары
"Касиет Муун" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 01604202410292
"Остмар" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 02511201010146
"Ак-Суу" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 02811200110028
7
"Шахи-ойл" базары
"Шахи-ойл" ("Shahi-oil") жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 01104200210155
8
"Муниципалдык" базары
"Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасы ИСН 02803202210041
9
"Де Люкс" базары
"Vivat" (Виват) жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 02812201010021
Жеке ишкер Абдыкеримова Ырысбүбү ИСН 12107195100295
"Опытное кожевенно-кожгалантерийное объединение" ачык акционердик коому ИСН 02206199510033
10
"Алтын-Тоо Базары" базары
"Алтын-Тоо Базары" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 02408200110040
11
"Кербен" базары
"АЛЬМАМАТР" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 03005200210020
12
"Евразия" базары
Жеке ишкер Кулубаев Нарынбек Жеңишович ИСН 23008197600133
Жеке ишкер Ассакунов Мурат Эшмуканбетович ИСН 22511195400427
13
"Үмүт" (Береке) базары
Жеке ишкер Ниязалиев Жылдызбек Амандыкович ИСН 22703197000746
14
"Туратали базары" базары
"СТАНДАРТ СТРОЙ" Курулуш компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00603202010265
15
"Хон-Тей-Ян" базары
"Хон-Тей-Ян" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 01105200610035
16
"Туратали базары" базары
Жеке ишкер Мирзаева Кумрихан Г уламжановна ИСН 12501195400650
17
"Мадина" базары
"Мадина" жоопкерчилиги чектелген коому ИСН 00101199310361
3-тиркеме
"4-тиркеме
Соода чөйрөсүндөгү ишке патенттин негизиндеги салыктын БАЗАЛЫК СУММАСЫ
№
Иштин түрүнүн аталышы жана учурдагы календардык жыл үчүн алууга пландалган бир соода ордуна түшкөн пайданын билдирилген көлөмү
Учурдагы календардык жыл үчүн салыктын базалык суммасы сом менен
1
Базарларда жана чакан базарларда товарларды сатуу:
1) Лотоктордо, прилавкаларда, чатырларда, көчмө кол арабаларында, бастырмаларда жана металл конструкцияларда 4000000 сомго чейин;
18000
2) Түшкөн пайданын төмөнкүдөй көлөмү менен соода объекти (контейнер ж.б.) жана/же стационардык жай:
3) 8000000 сомго чейин
42000
4) 8000000 сомдон 12000000 сомго чейин
72000
5) 12000000 сомдон 15000000 сомго чейин
96000
6) 15000000 сомдон 22000000 сомго чейин
168000
7) 22000000 сомдон 30000000 сомго чейин
252000
8) 30000000 сомдон 50000000 сомго чейин
360000
9) 50000000 сомдон 100000000 сомго чейин
500000
10) 100000000 сомдон 150000000 сомго чейин
800000
11) 150000000 сомдон 200000000 сомго чейин
900000
12) 200000000 сомдон жана андан жогору
1000000
2
Соода борборлорунан жана базарлардан тышкары, аянты 30 кв.м чейинки соода жайларында (кампа жайларынан жана ангарлардан тышкары) товарларды сатуу:
а) 10 кв.м чейин, жүгүртүүсү 5000000 сомго чейин
42000
б) 20 кв.м чейин, жүгүртүүсү 10000000 сомго чейин
72000
в) 30 кв.м чейин, жүгүртүүсү 15000000 сомго чейин
96000
3
30 календардык күнгө лотокторду, прилавкаларды, шатерлорду, чатырларды, бастырмаларды пайдалануу менен жарманкелерде, көргөзмөлөрдө, арзандатууларда товарларды чекене сатуу
12000
Эскертүү:
- соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөөгө ниеттенген салык төлөөчү алдыдагы календардык айдын 1ине чейин арыз берүүгө милдеттүү, салык төлөөчүнүн патенттин негизинде ишкердикти жүргүзүүсү арыз берилген айдан кийинки айдын 1инен башталат. Эгерде салык төлөөчү учурдагы календардык айга патент сатып алууга ниеттенсе, анда ошол ай үчүн патентти сатып алган датасына карабастан салыктын базалык суммасы толук өлчөмдө колдонулат;
- салык боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу бирдей үлүштөр менен ар бир айдын 1инен кечиктирбестен ай сайын жүзөгө ашырылат;
- бир объектте (соода ордунда) бир гана патент алуу менен иш жүргүзүүгө жол берилет;
- патенттин суммасы календардык жылдын калган айларына эсептелет жана төлөнөт, ошол эле учурда төлөнгөн салыктын суммасы патент алынгандан кийин кайтарылбайт;
- "Соода чөйрөсүндөгү ишке патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасы" 2-пунктунда көрсөтүлгөн ставкаларды колдонууга соода жайынын чегинен тышкары жерде кампа жок болгон учурда гана жол берилет.".
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 84
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 08-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 08.04.2022 · № 193
- Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 токтомуна)Порядок · 18.03.2022 · № 141
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2022 · № 141
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2025 · № 385
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 08-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 08.04.2022 · № 193
- КР Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 84
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2022 · № 141
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2025 · № 385