Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Хронометраждык текшерүүнү жүргүзүү»тартиби
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 февраля 2022 года № 95 "О мерах по реализации требований статей 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 и 415 Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген
Хронометраждык текшерүүнү жүргүзүү ТАРТИБИ (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги N 203 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 347-беренесинин талаптарына ылайык иштелип чыкты.
I бөлүм. Жалпы жоболор
1. Хронометраждык текшерүү ишкердиктин түрлөрүнүн өњүтүндө салык
төлөөчүлөр тарабынан атайын салык режимин колдонуу максатында орточо типтүү салык милдеттенмелерин аныктоого арналган маалыматты алуу ыкма- ларынын бири болуп саналат.
2. Хронометраждык текшерүү салык кызматынын органы тарабынан жер-
гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ыйгарым укуктуу органда аккредиттелген тармактык бизнес-ассоциациянын өкүлдөрү менен бирдикте жүргүзүлөт.
II бөлүм. Хронометраждык текшерүүнү жүргүзүүнүн шарттары жана тартиби
3. Салык кызматынын органынын жетекчиси (анын орун басары) кол
койгон, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн милдеттендирүүчү кат хронометраждык текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат (N 1 тиркеме).
4. Милдеттендирүүчү катта юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик
жүргүзгөн жеке ишкердин аты-жөнү же тигилген, тор буюмдарды жана бут кийимди өндүрүү жана сатуу боюнча иштерди жүзөгө ашырган юридикалык жактын же башка жактын аталышы, хронометраждык текшерилүүчү маселелер, хронометраждык текшерүүнү жүргүзүү мөөнөттөрү көрсөтүлөт.
5. Милдеттендирүүчү кат төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- милдеттендирүүчү катты берген салык кызматынын органынын аталы-
шын;
- салык кызматынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аты-жөнүн, кыз-
мат ордун, күбөлүгүнүн номерин;
- субъекттин аталышын;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (ИНН);
- хронометраждык текшерилүүгө тийиш болгон маселелер;
- хронометраждык текшерүүнү жүргүзүү мөөнөттөрү;
- текшерилүүчү салык мезгили.
6. Хронометраждык текшерүүнү жүргүзүү учурунда ыйгарым укуктуу ор-
гандын кызмат адамы кызматтык күбөлүктү көрсөтүүгө жана салык төлөөчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө таанышуу үчүн милдеттендирүүчү каттын түп нускасын көрсөтүүгө жана анын көчүрмөсүн тапшырууга милдеттүү. Кыр- гыз Республикасынын Салык кодексинин 347-беренесинин 4-пунктуна ылайык түп нускада салык төлөөчү милдеттендирүүчү кат менен таанышкандыгы жана көчүрмөнү алгандыгы жөнүндө белги коет.
7. Хронометраждык текшерүүнү жүргүзүүгө негиз болгон милдеттен-
дирүүчү кат хронометраждык текшерүү жүргүзүлгөндүгүнүн фактысын ыраста- ган документ катары субъектте калат. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы инспектордук текшерүү ките- бинде жазууларды жүргүзүүгө милдеттүү.
III бөлүм. Хронометраждык текшерүү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөттөрү
8. Хронометраждык текшерүү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү салык кызматы
органынын жетекчиси же анын ордун алмаштыруучу адам тарабынан белгиле- нет.
9. Хронометраждык текшерүү - жылына бир жолудан ашык эмес, ал эми
сезондук мүнөздө болгон иштин түрлөрү боюнча жылына үч жолудан ашык эмес жүргүзүлөт жана ар бир хронометраждык текшерүү үчүн 15 күндөн аш- пайт.
10. Көрсөтүлгөн мөөнөткө эгерде текшерилүүчү салык төлөөчү дем
алыш жана майрам күндөрү иш жүргүзсө, ошол күндөр дагы кошулат, ошондой эле хронометраждык текшерүү сутканын убактысына карабастан иш режимине ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.
IV бөлүм. Хронометраждык текшерилүүгө тийиш болгон салык салуу объекттери
11. Хронометраждык текшерүүгө киреше алууга байланыштуу иш
жүзүндөгү кирешелерди жана (же) иш жүзүндөгү чыгымдарды, ошондой эле салык төлөөчүнүн киреше алышынын башка булактарын кошо алганда салык салууга байланыштуу объекттер жана салык салынуучу объекттер дуушар бо- лушу мүмкүн.
12. Хронометраждык текшерилүүгө тийиш болгон объектини тандоо баш-
ка булактардан келип түшкөн маалыматтардын жана жүргүзүлгөн талдоолор- дун негизинде өткөрүлөт.
V бөлүм. Хронометраждык текшерилүүгө тийиш болгон маселелер
13. Хронометраждык текшерүүнү жүргүзүү үчүн салык кызматынын ор-
гандары ишкердик иши менен байланышкан салык салуунун текшерилип жаткан объекти боюнча маселелерди аныктайт.
14. Мында төмөнкүлөр милдеттүү түрдө текшерилүүгө тийиш:
- салык салуу объекттери жана (же) салык салуу менен байланышкан
объекттер;
- акча каражаттарынын, операционист кассирдин китебинин, отчеттор-
дун, эсептешүүлөрдүн, жалпы декларациянын жана текшерилүүчү салык салуу объектисине жана/же салык салууга байланыштуу объектинин башка бухгал- тердик документтердин бар болушу;
- тындыруу менен жана тындырбастан отчетту контролдук-кассалык ма-
шинадан алып салуу.
VI бөлүм. Хронометраждык текшерүүнүн натыйжаларын тариздөө
15. Хронометраждык текшерүүнү жүргүзүү учурунда салык кызматынын
органдарынын кызмат адамдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары- нын жана хронометраждык текшерүүнү жүргүзгөн тармактык бизнес-ассоциа- циянын өкүлдөрү менен бирдикте текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалымат- тар хронометраждык текшерүү актыларына күн сайын толук жана так жазылы- шын камсыз кылууга тийиш.
16. Хронометраждык текшерүү актысы төмөнкүдөй маалыматтарды кам-
тыйт:
1) салык төлөөчүнүн аталышын, каттоо номерин жана ишмердигинин
түрүн;
2) хронометраж жүргүзүү күнүн;
3) салык салуу объектисинин жайгашкан жерин;
4) хронометраждык текшерүү башталган жана аяктаган мезгилин;
5) салык салуунун текшерилүүчү объектиси боюнча маалыматтарды;
6) текшерүүлөрдүн натыйжаларын;
7) башталган жана аяктаган күнгө карата контролдук-кассалык маши-
нанын көрсөткүчүн;
8) башка маалыматтарды.
17. Текшерүү күнү аяктагандан кийин салык салуунун бардык текшери-
лип жаткан объекттери жана/же салык салуу менен байланышкан объекттер боюнча, ошондой эле киреше алуунун башка булактары боюнча жыйынды таб- лица түзүлөт.
18. Хронометраждык текшерүүнүн жыйынды актысына милдеттүү тартипте
салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тармактык бизнес-ассоциациянын өкүлдөрү кол коет.
19. Хронометраждык текшерүү актысы эки нускада түзүлүп, ага салык
кызматы органынын кызмат адамдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор- гандарынын жана ыйгарым укуктуу органда аккредиттелген тармактык биз- нес-ассоциацияларынын өкүлдөрү кол коюшат. Хронометраждык текшерүү ак- тысынын бир нускасы салык төлөөчүгө же анын ыйгарымдуу өкүлүнө тапшыры- лат. Хронометраждык текшерүү актысын алганда салык төлөөчү же анын ый- гарым укуктуу өкүлү аны алгандыгы тууралуу белги коюуга милдеттүү (N 2 тиркеме).
20. Зарылчылык болгон учурда контролдук текшерүүнүн актысына акты-
да көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастаган хронометраждык текшерүүнүн жүрүшүндө алынган документтердин, эсептердин көчүрмөлөрү жана башка до- кументтер тиркелет.
21. Хронометраждык текшерүү актысынын негизинде салык кызматынын
органдары иш жүзүндө алынган киреше болжолдонгон кирешенин суммасынан ашып кеткен факты аныкталган учурда патенттин негизинде атайын салыктык режимде иш жүргүзүүчү ишкер субъекттерге патент үчүн акынын өлчөмүн көбөйтүү жагына кайра эсептөө жүргүзөт.
22. Хронометраждык текшерүүнүн натыйжалары иши текшерилип жаткан
конкреттүү жактын салык милдеттенмелеринин өзгөрүшүнө алып келбейт жана иштин конкреттүү түрү боюнча патенттин негизинде салыктын суммасын аныктоо үчүн гана колдонулат.
N 1 тиркеме
2008-жылдын "___" __________ Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 347-беренесине ылайык хронометраждык текшерүүнү жүргүзүү укугуна N _____ МИЛДЕТТЕНДИРҮҮЧҮ КАТ (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги N 203 токтомунун редакциясына ылайык) __________________________________________________________________ (салык органдын аталышы) _______________________________________________________________________
(ФАЖ, кызмат орду, күбөлүктүн N) төмөнкүдөй маселелер боюнча ___________________________________________ _______________________________________________________________________ (ишкердик субъекттин аталышы, дареги, ИНН, иштин түрү) хронометраждык текшерүүнү жүргүзүүнү тапшырат:
- салык салынуучу базаны иликтөө жана талдоо;
- экономикалык ишти жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүү документтеринин бар
болушу (күбөлүк, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттер, анын ичинде жалданма кызматкерлерге патент);
- "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык
машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сакталышы жана тындыруу менен жана тындырбастан отчетту алып салуу;
- иш жүзүндө келип түшкөн каражаттардын ишенимдүүлүгүн аныктоо;
- кирешелерди жана чыгашаларды чагылдыруунун ишенимдүүлүгүн аныктоо.
Текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү: ____ күн, 200__-жылдын "___" ________ тартып "__" ___________ чейин Жетекчи __________________________ (ФАЖ) __________________________ (колу) N 2 тиркеме
ХРОНОМЕТРАЖДЫК ТЕКШЕРҮҮ АКТЫСЫ
200__-жылдын "___" _______________
_________________________________________________________ берилген 200__-жылдын "___" __________ N ____ милдеттендирүүчү каттын негизинде биз ___________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ ___________________ ИНН ___________________ боюнча СЖМКБ берген "_____" ________________ N сериядагы мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн (па- тенттин) негизинде экономикалык ишти жүзөгө ашырып жаткан _____________ _______________________________________________________________________ (ФАЖ субъекттин аталышы) таандык болгон, __________________ дареги боюнча жайгашкан ____________ хронометраждык текшерүүнү жүргүздүк. Хронометражды өткөрүү датасы 200-ж. "_______" _____________ тартып 200___-ж. "___" _______чейин. Белгиленген иш режими саат ____ саат ____ чейин. Тыныгуу саат ____ саат_____ чейин. Дем алыш күндөрү _____________________________________ Байкоо жүргүзүү убактысы саат _____ саат _____ чейин. Хронометраж төмөнкүлөрдүн катышуусунда жүргүзүлдү ________________ _______________________________________________________________________ (жеке ишкердин же юридикалык жактын жетекчисинин администратордун кассирдин Ф.А.Ж.)
Хронометраждын натыйжасында төмөнкүлөр белгиленди:
1. Иштин түрү ____________________________________________________
2. Моделдин ККМ __________ 200__-жылдын "____" ______ ____________
району боюнча СЖМКБда катталды, каттоо номери _________________________
3. 200__-жылдын "___" ______ лицензиянын сериясы ______ N _______,
200_ ж "___" ________ тартып 200_ ж. "___" ______ чейинки _____________ мөөнөтке берилген. 4 Кассада акча каражаттарынын болушу (даяр продукция чыгарылган): хронометраждын башталышына карата ________________________________ хронометраждын аякташына карата __________________________________ хронометражды жүргүзүү убактысынын ичинде түшкөн сумма ___________
5. Z-отчетунун көрсөткүчү боюнча келип түшкөн каражаттын бардыгы _
_______________________________________________________________________
6. Соњку 30 күн ичинде соода жеринен түшкөн жалпы каражат ________
7. Соњку 30 күн ичинде бир күндө түшкөн орточо каражат ___________
8. Жалданма кызматкерлердин саны ______, анын ичинде ________ адам
жалданма кызматкерге патенттин негизинде иштейт.
9. Эскертүү: _____________________________________________________
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Текшерүүчүлөр: ________________ ______________________ (колу) (Ф.А.Ж.) ________________ ______________________ (колу) (Ф.А.Ж.) ________________ ______________________ (колу) (Ф.А.Ж.)
Жетекчи же жооптуу адам _______________ ______________________ (колу) (Ф.А.Ж.)
Актынын экинчи нускасын алды ________________ _______________ (колу) (Ф.А.Ж.)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 24.02.2022 · № 95
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө…Постановление · 15.04.2013 · № 196
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон