Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары-нын ченемдерин колдонуу боюнча документтер
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37
1. Ушул Кодексте так эместиктер, ылайык келбестиктер же аны колдонуу практикасында жана/же башка учурларда ылайык келбестиктер табылган учурда Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарда каралган тартипте расмий чечмелөө берет, ошондой эле аларды жоюу чараларын көрөт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерин пайдалануу жөнүндө суроо-талаптар боюнча 30 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.
Эгерде суроо-талапты кароо үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды талап кылуу же болбосо салык салынуучу базаны аныктоого багытталган чараларды көрүү зарыл болсо, суроо-талапты кароо мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул тууралуу чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине билдирилет. Уюмдун аталышы, ИСНи жана уюмдун юридикалык дареги жок жиберилген кайрылуулар каралбайт.";
3. Салык мыйзамдарын колдонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түшүндүрмөлөрү салык жана бажы кызматтарынын органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү жана укук кор-гоо жана сот органдары тарабынан салыктык талаш-тартыштарды кароодо жана процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүдө жазуу жүзүндөгү далил катары каралат.
4. Салык кызматынын органдары салык милдеттенмелерин аткаруу тартиби жана жол-жоболору боюнча салык төлөөчүнүн суроо-талаптары боюнча ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттө жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.
5. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын колдонуу боюнча ченемдик укуктук актыларды чыгарат, алар ушул Кодексте каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында кабыл алынган учурларда колдонуу үчүн милдеттүү болуп саналат.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык чыгарылуучу документтер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу басма жана электрондук басылмаларда документтердин текстин кайра чыгаруу жолу менен, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтында жалпыга маалымдалат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
12.02.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…орун басары тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине билдирилет.
кошулду: Уюмдун аталышы, ИСНи жана уюмдун юридикалык дареги жок жиберилген кайрылуулар каралбайт.";
3. Салык мыйзамдарын колдонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түшүндүрмөлөрү салык алынып салынды: кызматынын кошулду: жана бажы кызматтарынын органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү жана укук кор-гоо жана сот … маалымдалат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № алынып салынды: 78 Мыйзамынын кошулду: 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 281 "«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна…Постановление · 27.05.2014 · № 281 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 685 ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 16.12.2016 · № 685 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>