Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтом
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 27-майы № 281 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
Дж. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 281 токтому менен жактырылган
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди. Сунушталган Мыйзам долбоору менен алтындын жана күмүштүн куймаларын жана аффинаждалган алтынды жана күмүштү экспорттоого акциз салыгын киргизүү каралган. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 20-беренесинде акциз салыгы кыйыр салыктардын бири болуп саналары белгиленген. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кыйыр салыктарды алуунун прициптерин колдонуунун эл аралык практикасына ылайык «жөнөтүлүүчү өлкө принциби» колдонулат. Бул принцип бир тараптын бажы аймагынан экспорттоодо товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) салык салуудан бошотууну жана импорттолуучу (же импорттолгон) товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) экинчи тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык колдонулуудагы коюмдар боюнча салык салууну карайт. Ошентип, жогоруда аталган принципке ылайык өндүрүүчүгө же импорттоочуга бир гана өлкөдө кыйыр салык, анын ичинде акциз салыгы салынышы керек. Экспорттолуучу алтындын жана күмүштүн куймаларына жана аффинаждалган алтынга жана күмүшкө акциз салыгын киргизүү кош салык салууга жана жогоруда аталган «жөнөтүлүүчү өлкө принцибин» бузууга алып келет. Мында киргизилген мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык аны кабыл алуунун зарылчылыгы Кыргыз Республикасы менен «Центерра Голд Инк» канадалык компаниянын ортосундагы макулдашууда каралган Кыргыз Республикасы үчүн пайда алып келбеген шарттарда келип чыгууда. Ушуга байланыштуу, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК менен «Центерра Голд Инк» компаниясы тарабынан казып алынуучу алтын Кайра каралган алтынды жана күмүштү сатып алуу жөнүндө келишимдин негизинде «Кыргызалтын» ААК тарабынан толук көлөмдө сатып алынаарын белгилөө керек. «Кыргызалтын» ААКсы бул алтынды аффинаждайт жана дүйнөлүк баа менен сатат. Экспорттолуучу алтындын жана күмүштүн куймаларына, аффинаждалган алтынга жана күмүшкө акциз салыгын салуу максатында 2009-жылдын 24-апрелиндеги «Кумтөр» долбоору боюнча Жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү зарыл (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги №142 Мыйзамы менен ратификацияланган). Алсак жогоруда аталган Макулдашуунун 1-беренесинин 1.4.3-бөлүгүнүн «j» пунктунун ченемдерине ылайык долбоордук Компаниялар Центерра жана Долбоордук Компаниялар же алардын атынан сатып алынган товарларга колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жалпы кабыл алынган коюмдар боюнча акциз салыгын төлөөгө милдеттүү. Долбоордук Компаниялар Жаңы салык режимине туура келген ишке байланыштуу Долбоордук Компаниялар же алардын атынан ташып келинүүчү товарларга жана Долбоордук Компаниялар же алардын атынан продукцияларды сатууга карата акциздик салыктан бошотулат. Мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-беренесинин талаптарына ылайык, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланса же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ратификацияланган макулдашууну аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тапшырмасы боюнча түзүлсө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка ченемдерди белгилейт, анда мындай макулдашуу менен жөнгө салынган салык мамилелерине ушул макулдашуунун ченемдери колдонулат. Азыркы убакта алтын камтыган кендерди, алтын камтыган концентраттарды, алтын куймаларын казып алуу жана аффинаждалган алтынды сатуу боюнча иштерди жүргүзгөн кен казуучу ишканалар, жалпы белгиленген салыктарды кошпогондо (киреше салыгы, сатуудан салык (сатуудан 2%), мүлккө салык, жер салыгы жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык төлөөчүлөр болуп саналат (бонус, роялти - алтын, күмүштү сатуудан түшкөн акчадан 5%га чейин өлчөмдө). Ал эми пайдага салыктын ордуна алтындын баасына жараша продукцияларды сатуудан 1 %дан 20 %га чейинки коюм боюнча кирешеге салык белгиленген (баа жогорулаганда салыктын суммасы түшкөн пайданын 50 %ына чейинкини түзөт. Ошондой эле кен казуучу ишканалар пайдалуу кендерди сатуудан алынган акчадан 2% өлчөмдө (кыйыр салыктарды эсепке албастан) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана кармоого чегерүүлөрдү жүргүзөт. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу түшкөн акчадан 5 % өлчөмүндө кошумча акциздик салыкты киргизүү салык төлөөчүгө салык оорчулугун көбөйтүүгө жана ушул тармакка тиешелүү түрдө инвестициялардын тартылбай калышына жана чыгашалуулукка алып келиши мүмкүн деп эсептейбиз. Ата мекендик зергерлер кайта иштеп чыккан алтындын үлүшүн көбөйтүүнү жана жалпысынан алтын камтыган кендерди ташып чыгарууну кыскартууну негизинен бажы алымдарынын коюмдарын көбөйтүү жолу менен бажы-тарифтик жөнгө салуу чөйрөсүндө өзгөртүүлөр аркылуу ишке ашыруу максатка ылайык келет деп эсептейбиз. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги № 181-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр…Распоряжение · 24.04.2009 · № 181-р
- Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын"ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр…Закон · 30.04.2009 · № 142
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон