Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-берене. Ченемдик укуктук актылардын катышы
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78
1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын актылары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары ушул Кодекске карама-каршы келүүгө тийиш эмес.
2. Ушул Кодекстин, салыктык мыйзам актыларынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ортосунда карама-каршылык болгон учурда салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн ушул Кодексте белгиленген ченемдер колдонулат.
3. Эгерде ушул Кодекстин ченемдеринин ортосунда карама-каршылык болсо же салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдер болбосо, салык кызматынын органдары жана бажы органдары, салыктык талаштарды кароо боюнча сот жана/же соттон тышкаркы органдар салык төлөөчүнүн пайдасына чечим кабыл алат. Ушул бөлүктүн максаттарында ушул Кодекстин ченемдеринин ортосундагы карама-каршылык деп ушул Кодексте белгиленген, мааниси жана мазмуну боюнча бири-бирине карама-каршы келген эки же бир нече ченемдердин болушу түшүнүлөт.
4. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Ченемдик укуктук акт төмөнкүдөй жагдайлардын бири болгондо ушул Кодекске шайкеш келбейт деп таанылат:
1) акт актылардын ушундай түрүн кабыл алууга ушул Кодекске ылайык укугу жок болгон орган тарабынан кабыл алынса, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипти бузуу менен кабыл алынса;
2) акт салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун ушул Кодексте белгиленген укуктарын же болбосо ыйгарым укуктарын жокко чыгарса же чектесе;
3) акт салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун ушул Кодексте аныкталган милдеттеринин мазмунун, аракеттеринин негиздерин, шарттарын, ырааттуулугун же тартибин киргизсе, өзгөртсө же жокко чыгарса;
4) акт ушул Кодексте уруксат берилген же көрсөтүлгөн аракеттерге тыюу салса;
5) акт ушул Кодексте тыюу салынган аракеттерге уруксат берсе же жол берсе;
6) акт ушул Кодексте аныкталган терминдердин, аныктамалардын мазмунун өзгөртсө, же болбосо терминдерди жана аныктамаларды ушул Кодексте колдонулгандан башка мааниде колдонсо.
6. Ушул Кодекске шайкеш келбеген ченемдик укуктук актыны кабыл алган орган мындай шайкеш эместикти четтетүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
03.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…салуу үчүн зарыл болгон ченемдер болбосо, салык кызматынын органдары кошулду: жана бажы органдары, салыктык талаштарды кароо боюнча сот жана/же алынып салынды: сот органдары кошулду: соттон тышкаркы органдар салык төлөөчүнүн пайдасына чечим кабыл алат. Ушул бөлүктүн … карама-каршы келген эки же бир нече ченемдердин болушу түшүнүлөт.
4. алынып салынды: Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин ченемдеринин ортосунда карама-каршылыктардын болушу же болбошу же салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл ченемдердин болбошу жөнүндө чечимди кабыл алат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Ченемдик укуктук акт төмөнкүдөй жагдайлардын бири болгондо ушул … кабыл алган орган мындай шайкеш эместикти четтетүүгө милдеттүү.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 15 июля 2025 года №21 О внесении изменений в постановление Пленума Верховного суда Кыргызской Республики от 29 мая…Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 15.07.2025 · № 21 · № 9 токтомго өзгөртүү киргизет
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 627-т ("Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 16.11.2022 · № 627-р
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.04.2023 · № 78
- Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.07.2024 · № 136
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 15 июля 2025 года №21 О внесении изменений в постановление Пленума Верховного суда Кыргызской Республики от 29 мая…Постановление Пленума Верховного суда · 15.07.2025 · № 21
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>