Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
108-берене. Ушул бөлүмдө пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · IV БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
Ушул бөлүмдө төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) каттоону жоюу - Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине салык төлөөчүнүн салыктык жана/же эсептик каттоосун, КНС боюнча каттоосун токтотуу жөнүндө маалыматты киргизүү;
2) жеке ишкерди мамлекеттик каттоо - жеке ишкерди салыктык каттоо;
3) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестри (мындан ары - Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестри) - салык төлөөчүлөрдү эсепке алуу боюнча мамлекеттик маалымат базасы;
4) контролдук-кассалык машиналар (мындан ары - ККМ) - фиксациялоочу, ар суткалык каттоо маалыматтары өзгөрүүгө учурабоочу жана ыйгарым укуктуу салык органына корголгон түрдө реалдуу убакыт режиминде маалымат берүүчү функциясы бар аппараттык-программалык каражат же программалык камсыз кылуу.
Ушул аныктаманын максатында:
а) аппараттык-программалык каражат (мындан ары - аппараттык ККМ) болуп саналган контролдук-кассалык машина деп программалык башкаруусу ичине орнотулган маалыматты чогултуу, иштетүү жана өткөрүп берүү үчүн арналган техникалык каражат таанылат;
б) программалык камсыздоо болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары - программалык ККМ) деп ККМ реестрине киргизилген жана маалымат тутуму менен интеграциялоодо иштеген программалык камсыздоо таанылат;
5) салыктык каттоо - ушул Кодексе ылайык салык салуу максатында Салык төлөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине салык төлөөчүнү каттоо статусу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле башка маалыматтарды киргизүү;
6) салык төлөөчүнүн каттоо картасы - салык төлөөчүгө ИСН ыйгаруу тууралуу маалыматтарды, төлөнгөн салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү, салыктык эмес кирешелер тууралуу маалыматты камтыган, салык органынын кызмат адамы тарабынан салык төлөөчүнү салыктык жана/же эсептик каттоодо толтурулуучу документ;
7) салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтары - төмөнкү маалыматтар:
а) каттоодон өтүүдө салык органына салык төлөөчү тарабынан берилүүчү;
б) ушул Кодекстин 17-главасына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка субъекттерден келип түшкөн;
в) белгиленген тартипте бекитилген мамлекеттик жана ведомстволук классификаторлорго ылайык салык төлөөчүгө ыйгарылган коддор жана идентификациялоочу белгилер жөнүндө;
8) салык органында каттоо - салыктык, эсептик каттоо, кайра каттоо, КНС боюнча каттоо;
9) ККМ реестри - ККМ коюлуучу техникалык талаптарга шайкештигин ырастоону белгиленген тартипте алган ККМ ар бир модели/версиясы боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат тутумундагы маалыматтардын жыйындысы;
10) салык төлөөчүнү эсептик каттоо - Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине обочолонгон бөлүмдү, салык салуу объектисин, салык төлөөчүнүн ишин патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде жүзөгө ашырган жерин эсепке алуу боюнча маалыматтарды киргизүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Рейддик салыктык контроль жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жөнүндө" ЖобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 17.12.2021 · № 314 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №270 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз…Постановление · 06.06.2008 · № 270 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-108" title="108-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>