Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
104-берене. Салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 11-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Салык отчеттулугуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде жол берилет.
2. Салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү салык төлөөчү тарабынан такталган салык отчетун түзүү, ошондой эле салык милдеттенмесинин өлчөмүнүн өзгөрүшүнүн себептери жөнүндө тиешелүү маалыматтарды берүү жолу менен жүргүзүлөт.
3. Такталган салык отчету бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирген салык мезгили үчүн төмөнкүдөй учурда берилет:
1) эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ушул Кодекске ылайык төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын эсептөө, кармап калуу үчүн салыктык база түзөтүлгөн учурда;
2) берилген салык отчеттуулугунда операцияларды чагылдырбоо же толук эмес чагылдыруу фактысы, ошондой эле салыктын суммасынын өзгөрүшүнө алып келүүчү каталар табылган учурда.
4. Төмөнкүдөй салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт:
1) текшерилүүчү салык мезгилинде - көчмө салыктык текшерүүнү жүргүзүү мезгилинде, анын ичинде мындай текшерүүнү ушул Кодекстин талаптарына ылайык токтото туруу учурларында;
2) эгерде мындай өзгөртүүлөр жана толуктоолор салык кызматынын органдарынын же соттун чечимдеринен айырмаланса жана бул чечимдер жокко чыгарылбаса жана/же жараксыз деп таанылбаса;
3) карызды өндүрүү жөнүндө соттун чечими же салык кызматынын органдарынын аткаруу документтери боюнча аткаруу өндүрүшү болгондо.
5. Салык төлөөчү салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүсү мындай салык төлөөчүгө кылмыш-жаза жоопкерчилиги жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик боюнча чараларды колдонууга негиз болуп саналбайт.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ушул Кодекстин талаптарына ылайык токтото туруу учурларында;
2) алынып салынды: салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошулду: эгерде мындай өзгөртүүлөр жана толуктоолор салык кызматынын алынып салынды: органынын чечими болгон кошулду: органдарынын же соттун чечимдеринен айырмаланса жана бул алынып салынды: чечим кошулду: чечимдер жокко алынып салынды: чыгарылбаган салык мезгили үчүн;
кошулду: чыгарылбаса жана/же жараксыз деп таанылбаса;
3) карызды өндүрүү жөнүндө соттун чечими же салык кызматынын … 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № алынып салынды: 37 , кошулду: 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № алынып салынды: 243 кошулду: 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №270 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз…Постановление · 06.06.2008 · № 270 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-104" title="104-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>