Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Аудитор
Күчүндө · 20.06.2025 редакциясы · 2-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
1. Аудитор негизги жумуш орду боюнча аудитор катары өз ишин бир аудитордук уюм менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде жүргүзөт. Аудитор бир гана аудитордук уюмдун уюштуруучусу/катышуучусу/акционери болууга укуктуу. Аудитор кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга милдеттүү.
Аудитор же болбосо бир аудитордук уюмда эмгек мамилелеринде турган кызматкер бир эле мезгилде башка аудитордук уюмдун уюштуруучусу, катышуучусу же акционери болууга укуксуз.
11. Аудитор төмөнкү талаптарды бир мезгилде сактаган учурда гана аудитордук иш менен алектенүүгө укуктуу:
1) ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык Бирдиктүү мамлекеттик реестрде туруу;
2) ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык Бирдиктүү мамлекеттик реестрде турган кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуу;
3) аудитордун квалификациялык сертификатына ээ болуу.
2. Аудитор оз аудитордук ишин жүргүзгөн мезгилде, ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта турууга жана ишкердик иш менен алектенүүгө укуксуз.
3. Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитин жүргүзүү үчүн жооптуу аудитор бир эле ачык кызыкчылык субъектинин, ири ишкердик субъектинин жылдык финансылык отчеттуулугуна катары менен 7 жылдан ашык милдеттүү аудит жүргүзө албайт. Ачык кызыкчылык субъектинин, ири ишкердик субъектинин аудитин жүргүзүү үчүн жооптуу аудитор 7 жыл аралыгында милдеттүү аудит жүргүзгөндөн кийин бир эле ачык кызыкчылык субъектинин, ири ишкердик субъектинин жылдык финансылык отчеттуулугуна милдеттүү аудитти 3 жыл өткөндөн кийин жүргүзө алат.
4. Аудиторго аудит жүргүзгөндөн кийин 1 жыл ичинде, ал эми ачык кызыкчылыктын субъектине, ири ишкердиктин субъектине карата аудит жүргүзүлгөндөн кийин 3 жыл ичинде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) аудит жүргүзүлгөн субъекттин башкаруу органынын мүчөсү болууга;
2) банк иштери жана бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык же аудит жүргүзүлгөн субъекттин демилгеси боюнча түзүлгөн аудит жүргүзүлгөн субъекттин аудит боюнча комитетинин мүчөсү болууга;
3) "Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн аудит жүргүзүлгөн субъекттин текшерүү комиссиясынын мүчөсү болууга.
5. Баланы же аракетке жөндөмсүз үй-бүлө мүчөсүн багуу боюнча өргүү, окуу, узакка созулган оору жана/же узакка реабилитация болуу мезгилинде өз ишин токтотуу жөнүндө арыз ырастоочу документтер менен берилгенде аудитордун иши ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токтотулуп турат. Ишти токтотуп туруу 3 жылдан ашпаган мөөнөткө жүзөгө ашырылат. Аудитордун иши ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү арызды алган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен токтотулат.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык ишти токтотуп туруу мезгилин кошпогондо, аудитор квалификациялык сертификат алган жылдан кийинки жылдан тартып ар бир календардык жылда Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүүгө милдеттүү.
(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
20.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Аудитор
1. Аудитор алынып салынды: өз ишин эмгек келишиминин негизинде бир аудитордук уюмдагы негизги жумуш орду боюнча алынып салынды: (штаттагы) аудитор катары кошулду: өз ишин бир аудитордук уюм менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде жүргүзөт. Аудитор бир кошулду: гана аудитордук уюмдун алынып салынды: катышуучусу кошулду: уюштуруучусу/катышуучусу/акционери болууга алынып салынды: тийиш. кошулду: укуктуу. Аудитор кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга милдеттүү.
алынып салынды: (Ушул мыйзамдын 29-беренесине кошулду: Аудитор же болбосо бир аудитордук уюмда эмгек мамилелеринде турган кызматкер бир эле мезгилде башка аудитордук уюмдун уюштуруучусу, катышуучусу же акционери болууга укуксуз.
11. Аудитор төмөнкү талаптарды бир мезгилде сактаган учурда гана аудитордук иш менен алектенүүгө укуктуу:
1) ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык алынып салынды: бул берененин 1-бөлүгүнүн акыркы сүйлөмү 2023-жылдын 1-январында күчүнө кирет.)
кошулду: Бирдиктүү мамлекеттик реестрде туруу;
2) ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык Бирдиктүү мамлекеттик реестрде турган кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болуу;
3) аудитордун квалификациялык сертификатына ээ болуу.
2. Аудитор оз аудитордук ишин жүргүзгөн мезгилде, ушул Мыйзамдын … кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүүгө милдеттүү.
кошулду: (КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112324/st-5" title="5-берене - Аудитордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>