Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. Аудитордук корутунду
Күчүндө · 20.06.2025 редакциясы · 2-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
1. Аудитордук уюм жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча аудиттин стандарттарын сактоо менен аудитордук корутунду түзөт. Аудитордук корутунду аудиттелген финансылык отчеттуулуктун бардык олуттуу өңүттөрүндө финансылык отчетту тапшыруунун колдонулган негиздери менен шайкеш келүү даражасы жөнүндө аудитордун пикирин камтууга тийиш.
Аудитордук уюм коштоочу кызматтарды көрсөтүүнүн жыйынтыктары боюнча отчетту пикир билдирбестен түзөт.
2. Аудитордук корутундуга аудитордук уюмдун жетекчиси, ошондой эле аудит жүргүзүүгө жооптуу аудитор кол коёт жана аудитордук уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
3. Аудитордук уюм аудит жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча табылган олуттуу бурмалоолор жана сунушталган аракеттер жөнүндө аудиттелүүчү субъекттин уюштуруучуларына/катышуучуларына/акционерлерине, аудиттин буйрутмачысына жана/же аудиттелүүчү субъекттин жетекчисине жана/же аудиттелүүчү субъекттин аудит боюнча комитетинин мүчөлөрүнө кабарлоого милдеттүү.
4. Аудиттин стандарттарын бузуу менен, ошондой эле ишенимдүү эмес же жетишсиз финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук жана башка маалыматтардын негизинде аудитордук уюм тарабынан түзүлгөн аудитордук корутунду жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
5. Аудит жүргүзгөн аудитор жана/же аудитордук корутундуга кол койгон аудитордук уюмдун жетекчиси аудит жүргүзбөстөн, билип туруп жалган аудитордук корутунду түзгөндүгү, же болбосо аудит жүргүзүүдө аудитор же аудитордук уюм караган документтердин мазмунуна карама-каршы келген корутунду түзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
6. Мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу менен аудит жүргүзгөн аудиторго жана/же түзүлгөн аудитордук корутундуга кол койгон аудитордук уюмдун жетекчисине карата сот чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аудиторду жана/же аудитордук уюмдун жетекчисин Аудиторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарып салууга негиз болуп саналат.
7. Аудитордук корутундунун мазмуну жана сапаты боюнча талаштарды сот органдарында кароодо эксперттик корутундуларды ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык таанылган аудитордун квалификациялык сертификаты бар көз карандысыз эксперттер берүүгө укуктуу.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Аудит боюнча комитет жөнүндө жобого ылайык аудитордук уюм жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет түзөт жана ал отчетту ачык кызыкчылыктын субъектисинин жана/же ири ишкердиктин субъектисинин аудит боюнча комитетине тапшырат.
9. Аудитордук уюмдар аудитордук корутундуга (отчетко) кол коюлган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде аудиттин натыйжасында табылган финансылык отчеттуулуктун стандарттарын бузуулар жөнүндө аудиттелген жактарга бир мезгилде кабарлоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
20.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана сунушталган аракеттер жөнүндө аудиттелүүчү субъекттин алынып салынды: катышуучуларына/уюштуруучуларына, кошулду: уюштуруучуларына/катышуучуларына/акционерлерине, аудиттин буйрутмачысына жана/же аудиттелүүчү субъекттин жетекчисине … ири ишкердиктин субъектисинин аудит боюнча комитетине тапшырат.
кошулду: 9. Аудитордук уюмдар аудитордук корутундуга (отчетко) кол коюлган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде аудиттин натыйжасында табылган финансылык отчеттуулуктун стандарттарын бузуулар жөнүндө аудиттелген жактарга бир мезгилде кабарлоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112324/st-4" title="4-берене - Аудитордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>