Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене. Аудитордук уюм
Күчүндө · 20.06.2025 редакциясы · 2-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
1. Аудитордук уюмду ачык акционердик коом же мамлекеттик (муниципалдык) ишкана түрүндө түзүү мүмкүн эмес.
2. Аудитордук уюм төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) аудитордук уюмдун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 100000 сомду түзөт, улуттук валютада, накталай эмес түрдө түзүлөт жана катышуучулардын (акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен толук төлөнөт;
2) аудитордук уюмдун уставдык капиталынын 51 пайыздан кем эмеси аудиторлорго жана (же) чет өлкөлүк аудитордук уюмдарга таандык болууга тийиш;
3) аудитордук уюмдун кадрдык курамынын 75 пайыздан кем эмесин Кыргыз Республикасынын жарандары түзүүгө тийиш;
4) аудитордук уюм ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык Бирдиктүү мамлекеттик реестрде турган кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга милдеттүү;
5) аудитордук уюмда негизги жумуш орду боюнча (штатта) 2ден кем эмес аудитор болууга тийиш;
6) аудитордук уюмдун жеке же коллегиалдуу аткаруу органынын жетекчиси аудитор болууга тийиш, мында аудитордук уюмдун коллегиалдуу аткаруу органындагы аудиторлордун саны мындай органдын курамынын 50 пайыздан кем эмесин түзүүгө тийиш;
7) сапатты башкаруу стандарттарына ылайык иштелип чыккан жана аудитордук уюм тарабынан бекитилген аудиттин сапатын ички контролдоону жүзөгө ашыруу эрежелери болууга тийиш;
3. Ачык кызыкчылыктагы субъекттерге, ири ишкердиктин субъекттерине аудитке уруксат берүү үчүн аудитордук уюм төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) аудитордук уюмда негизги иштеген жери боюнча (штатта) 3төн кем эмес аудитор болууга тийиш;
2) аудитордук уюмда негизги иштеген жери боюнча 3 аудитор Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана/же Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулуктун аудитин жүргүзүүнүн 3 жылдан кем эмес тажрыйбасына ээ болууга тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аудит жүргүзгөн аудитордук уюмдарды кошпогондо, чет өлкөлүк аудитордук уюмдар ушул Мыйзамга ылайык тиешелүү аудитордук уюмду - Кыргыз Республикасынын резиденттерин түзүүдө Кыргыз Республикасында аудит жүргүзүүгө укуктуу.
41. Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук ишти жүзөгө ашырган аудитордук уюм башка аудитордук уюмдун - Кыргыз Республикасынын резидентинин уюштуруучусу/катышуучусу/акционери болууга укуксуз.
5. Аудитордук уюм кандайдыр бир башка ишкердик иштер менен алектенүүгө укуксуз, буга төмөнкүлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөр кирбейт:
1) бухгалтердик эсепке коюу, аны калыбына келтирүү, жүргүзүү, финансылык отчеттуулукту түзүү, бухгалтердик консультация берүү;
2) башкаруу консультациясын берүү, стратегиялык пландаштыруу, финансылык-чарбалык иш менен байланышкан консультация берүү, анын ичинде чарба жүргүзүүчү субъекттердин, жеке ишкерлердин финансылык-чарбалык иштерине талдоо жүргүзүү;
3) маалыматтык технологиялар жаатында, бухгалтердик эсепти жана аудитти автоматташтыруу маселелери боюнча консультацияларды берүү;
4) салыктык консультацияларды берүү/контролдоо, салыктык эсепке коюу, аны калыбына келтирүү, жүргүзүү, салыктык эсептерди жана декларацияларды түзүү;
5) мыйзамдардын талаптарына ылайык ички аудит;
6) эл аралык стандарттарга ылайык финансылык-чарбалык иш менен байланышкан маалымат тутумдарынын аудити;
7) баалоо иши жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык баалоо иштери;
8) аудитордук иш жана бухгалтердик эсеп менен байланышкан тармактарда илимий-изилдөө жана эксперименттик иштерди жүргүзүү;
9) аудитордук иш (бухгалтердик эсеп, экономика, финансы, салык салуу, укук (финансылык-чарбалык жана ишкердик иштер менен байланыштуу), автоматташтырылган бухгалтердик жана аудитордук тутумдар, бухгалтердик, экономикалык жана аудитордук иштерде жана башкаларда компьютердик программаларды пайдалануу) менен байланышкан тармактарда окутуу.
6. Ишкердик субъекттеринин, мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүүдө текшерилүүчү мезгил башталгандан тартып аудитордук корутунду берилгенге чейинки мезгилде аудитордук уюмдун ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1, 4, 5 жана 7-пункттарында каралган кызматтарды көрсөтүүсүнө тыюу салынат. Аудитордук уюмга ушул берененин 5-бөлүгүнүн 2, 3, 6, 8 жана 9-пункттарында каралган кызматтарды көрсөтүүгө төмөнкүдөй шартта уруксат берилет, эгерде:
1) алар аудиттин алкагында текшерилүүчү финансылык отчеттуулукка өзүнчө же жыйындысында түздөн-түз таасир тийгизбесе;
2) аудиттин алкагында текшерилүүчү финансылык отчеттуулукка таасирди баалоо толук документтештирилсе жана аудитордук комитет үчүн кошумча отчетто түшүндүрүлсө;
3) аудитордук уюм тарабынан Этика кодексинде жана ушул Мыйзамда белгиленген көз карандысыздык принциптери сакталса.
4) аудитордук уюмдун аудиторлорунун тобу финансылык отчеттуулуктун аудити кызматтарын көрсөтүүгө катышпаса/катышпаган болсо жана аудиторлор тобун бөлүштүрүү процесси документтештирилсе.
7. Аудитордук уюм аудитордук уюмдун уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери, ошондой эле аткаруу органынын кеңешинин мүчөлөрү аудитти жүргүзүүгө таасир этпеген жана аудитордук уюмдун атынан аудит жүргүзүп жаткан аудитордун көз карандысыздыгына жана объективдүүлүгүнө коркунуч келтирбеген шарттарды караштырган саясатты жана жол-жоболорду иштеп чыгууга милдеттүү.
8. Аудитордук уюм аудиттин стандарттарына, сапатты башкаруу стандарттарына жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык аудит жүргүзүүгө милдеттүү жана төмөнкүлөрдү колдонууга тийиш:
1) корпоративдик башкаруунун жол-жоболорун жана бухгалтердик эсептин жол-жоболорун;
2) сапатты контролдоонун ички жол-жоболорун;
3) тобокелдиктерди баалоо жол-жоболорун;
4) маалыматтарды иштеп чыгуу тутумун коргоо жана контролдоо чараларын;
5) аудиторлорго сый акы берүү жана дем берүү саясатын.
9. Аудитордук уюм аудит жүргүзүү, аудитордук корутундуну даярдоо жана жумушчу документтерди жол-жоболоштуруу үчүн жооптуу аудиторду дайындайт жана анын карамагына аудит жүргүзүү үчүн зарыл ресурстарды жана компетенттүү персоналды берет. Тапшырма үчүн жооптуу аудитор аудит жүргүзүүгө жеке өзү катышууга милдеттүү.
10. Аудитордук уюм аудиттин сапатын камсыз кылуу максатында ушул Мыйзамга, аудиттин стандарттарына, сапатты башкаруу стандарттарына жана Этика кодексине ылайык аудиттин сапатын контролдоо саясатын жана жол-жоболорун иштеп чыгууга, бекитүүгө жана жүргүзүүгө милдеттүү.
11. Аудитордук уюм аудитордук уюмдун деңгээлинде аудиттин сапатын ички контролдоо үчүн жооптуу аудиторду дайындайт. Аудиттин сапатын контролдоо аудитте 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (ошол аудитордук уюмда же эл аралык бир тармакта турган уюмда иштеген) бар жана ошол аудитти жүргүзүүгө катышпаган аудитор же болбосо аудит боюнча адис, же келишимдик негизде башка аудитордук уюмдун аудитору тарабынан купуялуулукту сактоо менен жүргүзүлөт.
Аудиттин сапатын контролдоо боюнча аудитордук уюмдардын ички саясатынын жана жол-жоболорунун жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык өзүнчө тапшырмалардын деңгээлинде, ар бир өзүнчө тапшырманын тобокелдигин баалоонун негизинде аудиттин сапатын контролдоо жүргүзүлөт.
12. Аудитордук уюм үзгүлтүксүз негизде, бирок 2 жылда бирден кем эмес жолу аудиттин сапатын контролдоо саясатынын жана жол-жоболорунун натыйжалуулугуна баа берет, баалоолордун жана аудиттин сапатын ички контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуучу сунушталган чаралардын эсебин жүргүзөт.
13. Аудитордук уюм аларга аудит жүргүзүлгөн аудиттелүүчү субъекттердин, анын ичинде төмөнкүлөрдүн эсебин алууга тийиш:
1) аудиттелүүчү субъекттин аталышын жана жайгашкан жерин;
2) аудит жүргүзгөн аудитордун фамилиясын, аты-жөнүн;
3) аудит жүргүзүү үчүн аудиттелүүчү субъекттен алынган сый акынын суммасын;
4) жүргүзүлгөн аудитке карата аудитордук уюмга коюлган жазуу жүзүндөгү ар кандай дооматтарды.
14. Аудитордук уюм төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) аудитордук корутунду түзүлгөн датадан тартып 60 календардык күндөн кечиктирбестен аудит жүргүзүүгө болгон ар бир келишим боюнча жумушчу документтерди кагаз түрүндө жана/же электрондук түрүндө жол-жоболоштурууну аяктоого;
2) документтерди аудитордук корутундуга кол коюлган датадан тартып 6 жылдан кем эмес кагаз жана/же электрондук маалымат түрүндө сактоого.
15. Аудитордук уюм өзүнүн иши жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет, ал аудиттин сапатын контролдоо жол-жоболорунун сакталышы жөнүндө маалыматты камтыйт. Ачык кызыкчылыктагы субъекттерге, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзгөн аудитордук уюм ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ачык-айкындуулук жөнүндө отчетту берет. Аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчетту, ачык-айкындуулук жөнүндө отчетту түзүү жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 "Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 10.08.2026 · № 536
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 849 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аудитордук иш жаатындагы айрым чечимдерин күчүн жоготту деп…Постановление · 30.12.2025 · № 849
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 225 "Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү…Постановление · 25.04.2023 · № 225 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112324/st-7" title="7-берене - Аудитордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>