Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
22-берене. Бирдиктүү мамлекеттик реестр
Күчүндө · 20.06.2025 редакциясы · 4-глава
1. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө чечими кабыл алган датадан тартып иш жүргүзүү укугун алышат.
2. Бирдиктүү мамлекеттик реестр төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:
1) аудиторлордун реестринен;
2) аудитордук уюмдардын реестринен;
3) кесиптик аудитордук бирикмелердин реестринен;
4) ачык кызыкчылыктын субъекттерине жана ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдардын реестринен.
Аудиторду, аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени идентификациялоо жекече каттоо номери менен камсыз кылынат.
3. Бирдиктүү мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте (мындан ары - Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартиби) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоодо, кайра каттоодо аудитордон, аудитордук уюмдан, ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдан, кесиптик аудитордук бирикмени кошпогондо, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык бир жолку жыйым алынат, ошондой эле Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген жылдан кийинки жылдан тартып Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыл сайын жыйым алынат.
4. Бирдиктүү мамлекеттик реестр милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш, жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарга ылайык пайдаланууга чектөө киргизилген маалыматтарды кошпогондо, кызыкдар жактардын анда камтылган маалыматтар менен таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.
5. Бирдиктүү мамлекеттик реестр төмөнкүдөй негизги маалыматтарды камтууга тийиш:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын толук аталышын жана дарегин;
2) аудитордук уюм жөнүндө маалыматты (аудитордук уюмдун жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине жана ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун толук жана кыскача аталышын, уюштуруучулук-укуктук формасын, анын жайгашкан жерин, юридикалык дарегин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин, анын башкаруу органдары тууралуу маалыматтарды, аудиторлору жана кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүгү жөнүндө маалыматтарды, байланыш маалыматтарын жана веб-сайттын маалыматтарын);
3) аудитор жөнүндө (аудитордун фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери, ким экендигин күбөлөндүргөн документтин маалыматтарын, аудитордун квалификациялык сертификатынын маалыматтарын, байланыш маалыматтарын), Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүшү жөнүндө, кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүгү жөнүндө маалыматты, аудитор иштеген аудитордук уюм жөнүндө маалыматты, байланыш маалыматтарын;
4) кесиптик аудитордук бирикме тууралуу маалыматты (кесиптик аудитордук бирикменин толук жана кыскача аталышы, жайгашкан жери жана юридикалык дареги, башкаруу органы жөнүндө, филиалдары (өкүлчүлүктөрү) (эгерде бар болсо) жөнүндө маалыматтар, мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, байланыш маалыматтары жана веб-сайттын маалыматтары);
5) аудиттин сапатына тышкы контроль жүргүзгөн жана аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесиптик аудитордук бирикмелерге карата таасир этүү чараларын колдонгон органдын (органдардын) толук аталышын жана дарегин. Таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим аларга даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин жарыяланат;
6) катталган/кайра катталган датасын жана каттоо номерин;
7) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден алып салуунун негиздерин жана датасын;
8) Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартибинде аныкталган башка маалыматтарды.
Берененин тексти 20.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Порядок · 07.10.2022 · № 550
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 550 "Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик…Постановление · 07.10.2022 · № 550
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 352 "Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик…Постановление · 12.07.2023 · № 352
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112324/st-22" title="22-берене - Аудитордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>