88-берене. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 15-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 ноября 2025 года № 250
1. Ушул Кодекстин 89-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, эркиндигинен ажыратууга же тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого соттолгон адамдар сот тарабынан жазаны өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулушу мүмкүн.
2. Соттолгонго карата мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу төмөндө саналып өткөн шарттардын бардык жыйындысында колдонулат:
1) түзөтүүнүн жана кайра социалдаштыруунун оң натыйжасына жетишкенде;
2) кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын ордун толтурганда;
3) жоюлбаган тартиптик жаза чарасы болбогондо;
4) жазаны өтөө мезгилинде эмгекке жана окууга ак ниетинен мамиле кылганга;
5) эгерде алкоголго, баңгиликке, психотроптук же уулуу затка көз карандылыгы бар болсо, алардан арылууга дарылануу курсунан өткөндө.
3. Жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу соттолгон адам жазасын өтөп жаткан жери боюнча анын өзүнүн жеке арызынын, же болбосо жаза аткаруу мекемесинин администрациясынын сунушу боюнча сот тарабынан колдонулат.
4. Жазадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу соттолгон иш жүзүндө төмөнкүлөрдү өтөгөндөн кийин колдонулат:
1) анча оор эмес кылмышты жасагандыгы үчүн дайындалган жазанын кеминде үчтөн эки мөөнөтүн;
2) оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн, ошондой эле мурда шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга, эгерде аны шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу жокко чыгарылса, дайындалган жазанын төрттөн үч кем эмес мөөнөтүн;
3) медиациянын алкагында жабырлануучу тарап менен бүтүмгө жетишсе - анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн дайындалган жазанын жарымынан кем эмес мөөнөтүн;
4) ушул Кодекстин 89-беренесинде каралган чектөөлөрдү кошпогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазалоодо жыйырма беш жылдан кем эмес.
(КР 2025-жылдын 19-майындагы № 97, 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 250 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
88-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 ноября 2025 года № 250 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 мая 2025 года № 97 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
06.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…оң натыйжасына жетишкенде;
2) кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын алынып салынды: жарымынан кем эмесинин ордун толтурганда;
3) жоюлбаган тартиптик жаза чарасы болбогондо;
4) … жыйырма беш жылдан кем эмес.
(КР 2025-жылдын 19-майындагы № алынып салынды: 97 Мыйзамынын кошулду: 97, 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 250 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 181
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 19.05.2025 · № 97
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-88" title="88-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>