50-берене. Мыйзамды, буйрукту (тескемени), кызматы боюнча милдеттерди аткаруу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июня 2026 года № 87
1. Адам мыйзамды, буйрукту (тескемени), ошого тете кызматында каралган милдеттерди мыйзамдуу аткаруу учурунда келтирген залалы кылмыш болуп эсептелбейт.
2. Кылмыштуу буйрукту (тескемени) аткаруу үчүн кылмыш жасаган адам жалпы негиздерде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.
3. Адам өзүнө мыйзамсыз жүктөлгөн буйрукту (тескемени) же кызматтык милдеттерди аткарбагандыгы же болбосо бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.
Эскертүү. Кызматы боюнча милдеттерди аткаруу деп кызмат адамынын кызматтык нускама, локалдык ченемдик актылар же башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталган эмгектик функциянын алкагында аракеттерди аткаруусу түшүнүлөт. Кызмат адамы кызмат орду боюнча милдеттерин аткаргандыгы, ошондой эле ага кызмат орду боюнча жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаргандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш эмес, буга өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктарды алуу максатында жасалган, ушул Кодекстин 336-347-беренелеринде каралган жосундар кирбейт. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…же болбосо бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт. кошулду: Эскертүү. Кызматы боюнча милдеттерди аткаруу деп кызмат адамынын кызматтык нускама, локалдык ченемдик актылар же башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталган эмгектик функциянын алкагында аракеттерди аткаруусу түшүнүлөт. Кызмат адамы кызмат орду боюнча милдеттерин аткаргандыгы, ошондой эле ага кызмат орду боюнча жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаргандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш эмес, буга өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктарды алуу максатында жасалган, ушул Кодекстин 336-347-беренелеринде каралган жосундар кирбейт. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-50" title="50-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>