Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
338-берене. Бийликтен аша чабуу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 42-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209
1. Кызмат адамы тарабынан же анын буйругу боюнча, анын айтканы же макулдугу менен анын ыйгарым укуктарынын чектеринен чыккан (ушул Кодекстин 137-беренесинде каралган кыйноолордон башка) же өмүр жана ден соолук үчүн коркунучтуу болбогон зомбулукту колдонуу менен, же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен бириккен аракеттерди жасоо, -
белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) куралды же атайын каражаттарды колдонуу менен;
2) дене-бойго зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен;
3) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгы үчүн;
4) оор залал келтирүү менен, -
мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар, -
мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…зомбулукту колдоном деп коркутуу менен бириккен аракеттерди жасоо, -
алынып салынды: 3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат алынып салынды: ордун кошулду: орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки … коомдоштуктун кызыкчылыгы үчүн;
4) оор залал келтирүү менен, -
алынып салынды: 5000ден 10000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, алынып салынды: үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат алынып салынды: ордун кошулду: орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу … жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар, -
алынып салынды: 10000ден 20000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, алынып салынды: үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат алынып салынды: ордун кошулду: орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
- Постановление Правительства КР от 20 декабря 2018 года № 598 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики…Постановление · 20.12.2018 · № 598 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-338" title="338-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>