342-берене. Пара алуу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 42-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209
1. Кызмат адамынын, чет өлкөлүк кызмат адамынын, же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамынын пара берүүчүнүн же анын атынан иш жүргүзүүчү адамдын пайдасына кызмат адамынын кызматтык ыйгарым укуктарына кирген, же болбосо аларга өзүнүн кызматтык абалы боюнча көмөктөшө алган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жеке өзү же ортомчу аркылуу пара алуусу, ошого тете пара алууга макулдук берүүсү, -
мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) үчүн;
2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат тутумундагы кызмат ордун бергендиги үчүн;
3) адамдардын тобу тарабынан;
4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
5) ири өлчөмдө, -
мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган аракеттер:
1) өзгөчө ири өлчөмдө;
2) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан, -
мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 342-345 жана 362-беренелеринде пара деп пара берүүчүнүн же анын атынан иш жүргүзүүчү адамдын пайдасына жасалган аракеттер (аракетсиздиги) үчүн берилүүчү же алынуучу акчалар, баалуу кагаздар, башка мүлктөр же мүлктүк мүнөздөгү пайдалар түшүнүлөт. Ушул Кодекстин 342-345-беренелеринде ири өлчөмдөгү пара деп кылмыш жасоо учуруна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн өлчөмү - бир миң эсе ашкан, ал эми өзгөчө ири өлчөмдөгү пара деп он миң эсе ашкан пара эсептелет. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
342-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аркылуу пара алуусу, ошого тете пара алууга макулдук берүүсү, -
алынып салынды: 5000ден 10000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо алынып салынды: менен же аны колдонбостон, эки жылга чейинки мөөнөткө кошулду: менен, белгилүү бир кызмат алынып салынды: ордун кошулду: орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу … алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
5) ири өлчөмдө, -
алынып салынды: 10000ден 20000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, алынып салынды: үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат алынып салынды: ордун кошулду: орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу … ири өлчөмдө;
2) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан, -
алынып салынды: 20000ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен, алынып салынды: үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат алынып салынды: ордун кошулду: орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу … эми өзгөчө ири өлчөмдөгү пара деп он миң эсе ашкан пара эсептелет.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.07.2023 · № 149
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
- Постановление Правительства КР от 13 декабря 2002 года №849 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской…Постановление · 13.12.2002 · № 849 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 декабря 2018 года № 598 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики…Постановление · 20.12.2018 · № 598 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-342" title="342-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>