Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
250-берене. Коммерциялык паралап сатып алуу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 32-глава
1. Ээлеген кызмат абалына байланыштуу берип жаткан адамдын кызыкчылыгында аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо үчүн коммерциялык же башка уюмдагы башкаруу функцияларын аткарып жаткан адамга акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү мыйзамсыз берүү, ага тете ага мүлктүк мүнөздөгү мыйзамсыз кызмат көрсөтүү, -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ээлеген кызмат абалына байланыштуу берип жаткан адамдын кызыкчылыгында аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо үчүн коммерциялык же башка уюмдагы башкаруу функцияларын аткарып жаткан адамдын акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү мыйзамсыз алуусу, ага тете ага мүлктүк мүнөздөгү мыйзамсыз кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануусу, -
1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосундар:
1) акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү же мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү опузалап алуу менен коштолгон;
2) адамдардын тобу тарабынан жасалса;
3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса;
4) уюшкан топ тарабынан жасалса;
5) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде адамга карата акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү же болбосо мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү опузалап алуу орун алса же эгерде бул адам паралап сатып алуу жөнүндө ыктыярдуу түрдө тергөөчүгө же прокурорго билдирсе, адам ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз…Постановление · 12.02.2007 · № 47 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 декабря 2018 года № 598 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики…Постановление · 20.12.2018 · № 598 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-250" title="250-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>