210-берене. Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 28-глава
210-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 210-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Ишенип берилген мүлктү олуттуу эмес өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу, -
200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) олуттуу өлчөмдө;
2) адамдардын тобу тарабынан;
3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -
эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, ири өлчөмдө жасалган жосундар, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:
1) өзгөчө ири өлчөмдө;
2) мүлк жана (же) акча каражаттары кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ишенип берилген адам тарабынан;
3) уюшкан топ тарабынан;
4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Менчик ээсине же башка ээлик кылуучуга келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган учурда, ушул Кодекстин 210 жана 215-беренелеринде каралган жосундарды жасагандыгы үчүн адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулууга жатат.
211-берене. Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу
1. Уурдоо (айдап качуу) максатын көздөбөстөн автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укук ченемсиз ээлеп алуу, -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен, же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:
1) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;
2) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу менен же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;
3) уюшкан топ тарабынан;
4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
210-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 05.03.2020 · № 134 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-210" title="210-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>