55-берене. Күбө
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 7-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 сентября 2025 года № 204
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү боюнча өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүү үчүн чакырылган адам күбө катары таанылат.
2. Күбө ишке айыптоочу, адвокат, жабырлануучунун кызыкчылыктарынын өкүлү, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга жооптуу адам катары катыша албайт.
3. Ишке жабырлануучунун, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусу, аларды күбө катары суракка алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
4. Күбө катары төмөнкүлөр суракка алынууга жатпайт:
1) судья – иш боюнча өндүрүшкө катышуусуна байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган иштин жагдайлары жөнүндө;
2) сот арачысы – ушул кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүшкө катышуусуна байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган кылмыш-жаза ишинин жагдайлары жөнүндө;
3) жабырлануучунун өкүлү – иш боюнча өз милдеттерин аткаруусуна байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө;
4) адвокат, адвокаттын жардамчысы – юридикалык жардамга кайрылуу же аны көрсөтүү менен байланыштуу өздөрүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө;
5) психологиялык же дене бою кемчилдиктеринен улам иш үчүн мааниси бар жагдайларды туура кабылдоого жана алар жөнүндө көрсөтмө берүүгө жөндөмсүз адам;
6) шектүүнүн, айыпталуучунун жакын туугандары, жубайы;
7) медиатор, медиация борборлорунун кызматкерлери – медиация жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө;
8) дин кызматчысы – сыр айтуудан өзүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө.
9) ассистент - иш боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө
10) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ошондой эле ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери - өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууларына байланыштуу аларга белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө.
5. Эгерде ушул берененин 4-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар көрсөтмө берүүнү кааласа, анда алар ушул Кодекстин эрежелери боюнча суракка алынат.
6. Күбө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) көрсөтмөнү эне тилинде же өзү билген башка тилде берүүгө, квалификациялуу котормочунун кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга;
2) аны суракка алууга катышкан котормочуга четтетүү билдирүүгө;
3) көрсөтмөлөрүн өз колу менен баяндоого;
4) сурактын протоколу менен таанышууга, ага толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
5) көрсөтмөлөрдү берүүдө кыска жазууларды жана документтерди пайдаланууга;
6) соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин аракеттерине даттанууга;
7) иш боюнча өндүрүштө тарткан чыгымдарынын ордун толтуртууга;
8) кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүп жаткан орган тарабынан буюм далили катары же башка негиздер боюнча алынган мүлкүн, өзүнө тиешелүү расмий документтердин түп нускаларын алууга;
9) сурак жүргүзүүдө адвокат алууга.
10) эгерде көзү азиз болсо, ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга.
7. Күбө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) соттун, прокурордун, тергөөчүнүн чакыруусу боюнча келүүгө;
2) иш боюнча бардык ага белгилүү болгондорду туура билдирүүгө жана коюлган суроолорго жооп берүүгө;
3) иш боюнча өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө маалыматтарды сурак жүргүзүүчүнүн уруксаты жок ачык жарыялабоого.
8. Күбө жүйөлүү себепсиз келбей койгондо, ал мажбурлап алып келиниши мүмкүн.
9. Алдын ала билип туруп жалган көрсөтмө бергени же көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартканы же качканы үчүн күбө Кылмыш-жаза кодексинин 364 жана 365-беренелерине ылайык жоопкерчилик тартат.
10. Күбө өзүнө каршы же өзүнүн жакын туугандарына, жубайына каршы күбө болууга милдеттүү эмес.
(КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
55-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 сентября 2025 года № 204 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2024 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
14.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…адам;
6) шектүүнүн, айыпталуучунун жакын туугандары, жубайы;
7) алынып салынды: медиатор кошулду: медиатор, медиация борборлорунун кызматкерлери – медиация жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган … 2024-жылдын 5-августундагы № 160, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № алынып салынды: 204 кошулду: 204, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-55" title="55-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>