490-берене. Иш боюнча чечимди кабыл алууда сот чечкен маселелер
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 55-глава
1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу ишти соттук териштирүү процессинде төмөнкү маселелер изилденүүгө жана чечилүүгө тийиш:
1) Кылмыш-жаза кодексинде каралган аракеттин орун алгандыгы;
2) аракетти иши каралып жаткан адам жасагандыгы;
3) аракетти акыл-эси жайында эмес абалда болгон адам жасагандыгы;
4) аракетти жасагандан кийин бул адамдын жазаны дайындоого же аткарууга мүмкүндүк бербеген психикалык дартка чалдыккандыгы;
5) адамдын катуу кармаган психикалык дарты ал үчүн же башка адамдар үчүн коркунуч келтирүүсү же ага башка олуттуу зыянды келтирүү мүмкүнчүлүгү;
6) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулушу керекпи жана атап айтканда кайсылар.
2. Сот ушул Кодекстин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9, 12, 13-пункттарында көрсөтүлгөн маселелерди да чечет.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
490-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 477 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 10.07.2015 · № 477 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-490" title="490-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>