Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
346-берене. Өкүм чыгарууда сот тарабынан чечилүүчү маселелер
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 44-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2026 года № 117
1. Өкүм чыгарууда сот төмөнкү маселелерди чечет:
1) айыпталуучу айыпталып жаткан аракет орун алганбы;
2) аракетти айыпталуучу жасагандыгы далилдендиби;
3) бул аракет кылмыш болуп саналабы жана ал Кылмыш-жаза кодексинин кайсы беренесинде каралган;
4) бул кылмышты жасоодо айыпталуучу күнөөлүүбү жана анын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар барбы;
5) жасаган кылмышы үчүн айыпталуучу жазаланууга тийишпи;
51) айыпталуучунун аракеттеринде кылмыштардын рецидивин моюнга алуу үчүн негиздер барбы;
6) айыпталуучуга кандай жаза дайындалышы керек;
7) жаза дайындабастан өкүм чыгарууга же андан бошотууга же болбосо пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотууга же жазаны өтөө мөөнөтүн кийинкиге калтырууну колдонууга негиздер барбы;
8) эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам кандай түрдөгү абакта жазасын өтөөгө тийиш;
9) конфискациялоого жаткан мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынганы же ошол мүлктүн кирешеси болуп саналаары же болбосо кылмыштын куралы катары пайдаланылгандыгы же пайдаланууга арналгандыгы далилдендиби;
10) материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтуруу же мүмкүн болгон конфискациялоо үчүн камак салынган мүлктү эмне кылуу керек;
11) мүлкүн конфискациялоодо келтирилген залалдын орду толтурулууга жатабы;
12) материалдык зыян жана моралдык залал орду толтурулууга жатабы;
13) айыпталуучу өлкөдөн чыгарылууга жатабы;
14) буюм далилдерди эмне кылуу керек;
15) процессуалдык чыгымдар кимге жана кандай өлчөмдө жүктөлүшү керек;
16) сот Кылмыш-жаза кодексинин 60-беренесинде каралган учурларда айыпталуучуну атайын, аскердик, ардактуу наамынан, дипломаттык рангынан же класстык ченинен, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратууга милдеттүүбү;
17) Кылмыш-жаза кодексинин 120, 121-беренелеринде каралган учурларда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө;
18) соттолгонго, акталганга карата бөгөт коюу чарасы жөнүндө;
19) эгерде колдонулган болсо, кызмат ордунан убактылуу четтетүү түрүндөгү кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө.
2. Эгерде айыпталуучу бир нече кылмыш жасаганы үчүн айыпталып жатса, сот ар бир кылмыш боюнча өз-өзүнчө ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн маселелерди чечет.
3. Эгерде кылмышты жасоодо бир нече айыпталуучу айыпталып жатса, сот бул маселелерди алардын аракетти жасоого катышкандагы ролун жана деңгээлин аныктоо менен, ар бир айыпталуучуга карата өз-өзүнчө чечет.
4. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүүдө сот пробация органынын тыянактарына байланбайт, ошондой эле пробациялык көзөмөлдү пробациялык баяндама болбостон (ал жокто) колдонууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87, 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2026 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном государственном страховании жизни и здоровья военнослужащих и военнообязанных, призванных на учебные и специальные сборы, и приравненных к ним лиц")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жөнүндө;
18) соттолгонго, акталганга карата бөгөт коюу чарасы кошулду: жөнүндө;
19) эгерде колдонулган болсо, кызмат ордунан убактылуу четтетүү түрүндөгү кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө.
2. Эгерде айыпталуучу бир нече кылмыш жасаганы үчүн … укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № алынып салынды: 87 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 87, 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 26 февраля 2021 года № 4 «О судебной практике по назначению наказания»Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 49 · № 4 токтомго өзгөртүү киргизетПункттар: п. 2, п. 27
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 26 февраля 2021 года № 4 «О судебной практике по назначению наказания»Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 49
Беренеге шилтеме бергендер
- 340-берене. Өкүм чыгарууда сот тарабынан чечилүүчү маселелер
- 351-берене
- 353-берене
- 377-берене
- 490-берене
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-346" title="346-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>