Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 22-декабры № 209
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 57-пункту "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", прокурор" деген сөз менен толукталсын;
2) 24-берененин 3-бөлүгү "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", прокурор" деген сөз менен толукталсын;
3) 34-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) кылмыш ишин тергөөнү кошпогондо, сотко чейинки өндүрүштү;";
4) 35-берененин 1-бөлүгүндө:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) тергөөгө чейинки текшерүүнү баштоого жана (же) жүргүзүүгө;";
б) 5-пункт "тергөөчүлөрдүн тобуна" деген сөздөрдөн кийин "тергөөнү жүргүзүү, ал эми төмөн турган прокурорго тергөөнү уюштуруу үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 19-пункт "тергөөчүнү" деген сөздөн кийин ", төмөн турган прокурорду" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 145-берененин 3-бөлүгүндө "Тергөөчү" деген сөз "Тергөөчү, прокурор" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3551) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 22-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Шилтеме берет (1)
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон