Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
349-берене. Айыптоо өкүмүн чыгаруунун негиздери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 44-глава
1. Айыптоо өкүмү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучунун кылмышты жасоого күнөөлүүлүгү иликтенген далилдердин жыйындысы менен ырасталган шартта гана чыгарылат жана божомолдорго негизделиши мүмкүн эмес.
2. Соттолгон өтөөгө тийиш болгон жазаны дайындоо менен айыптоо өкүмүн чыгарып жатып, сот анын түрүн, режимин, өлчөмүн жана жаза өтөө мөөнөтүн эсептөөнүн башталышын так аныктоого тийиш.
3. Сот жазаны дайындоо жана аны өтөөдөн бошотуу менен айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде өкүм чыгарылган учурга карата төмөнкүлөр орун алса:
1) соттолгонго ушул өкүмдө дайындалган жазаны колдонуудан бошотуучу мунапыс актысы чыгарылган болсо;
2) Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинде белгиленген камакта кармоо убактысын эсептөө эрежелерин эсепке алуу менен ушул иш боюнча айыпталуучунун камакта болуу убактысы, үй камагында болуу убактысы сот дайындаган жазанын мөөнөтүнөн ашса;
3) пробацияны колдонуу үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинде каралган негиздер аныкталса.
4. Баланын же майыптын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштарды кошпогондо, сот жазаны дайындабастан айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде айыптоо өкүмү чыгарылган учурга карай төмөнкүлөр орун алса:
1) адам жаза өтөөгө жолтоо боло турган оор дарт менен ооруп калган болсо;
2) адамды ошол кылмышы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе.
(КР 2024-жылдын 16-майындагы № 86, 19 февраля 2025 года № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-349" title="349-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>