Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 16-майы № 86 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 68-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 21-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу аялдарга, он сегиз жашка чейинки куракта кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш курагына чыккан эркектерге дайындалбайт.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш курагына чыккан, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган, эркектерге дайындалышы мүмкүн.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза поцессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 349-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштарды кошпогондо, сот жазаны дайындабастан айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде айыптоо өкүмү чыгарылган учурга карай төмөнкүлөр орун алса:".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-майындагы № 38 (3591) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2024-жылдын 11-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Шилтеме берет (2)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон