240-берене. Айыпталуучу катарында жоопко тартуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 32-глава
1. Аталган адам тарабынан кылмыш жасалгандыгын көрсөткөн жетиштүү далилдер болгондо тергөөчү ал адамды айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат.
2. Айыпталуучу катарында жоопко тартуунун датасы жана убактысы, жасалган кылмыштын укуктук квалификациясы Кылмыш-жаза кодексинин беренесин (берененин бөлүгүн) көрсөтүү менен тергөөчү тарабынан кечиктирилгис түрдө Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилет.
3. Айыпталуучу катарында жоопко тартылганга чейин адамга карата Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүү фактысы ушул берененин жоболоруна ылайык бул адам үчүн кандайдыр бир укуктук кесепеттерге алып келбейт.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
240-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 25 - марты "Сот арачылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 25.03.2008 · № 100 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-240" title="240-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>