24-берене. Кылмыш куугунтугунун түрлөрү
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 января 2024 года № 24
1. Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана оордук даражасына жараша кылмыш куугунтугу жеке-ачык жана ачык тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Жеке-ачык айыптоо кылмыш иштерине коркунучу аз жана анча оор эмес кылмыштар, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 155-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери кирет.
Жеке-ачык айыптоо иштери боюнча тергөө жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча гана башталат жана тараптардын жарашуусу менен Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесине ылайык кыскартылат.
3. Эгерде ушул кылмыш көз каранды же алсыз абалдагы, же болбосо башка себептер менен өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой албаган адамдарга карата жасалса, тергөөчү, прокурор ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кандай болбосун кылмыш боюнча жана жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы болбосо да сотко чейинки өндүрүштү баштайт.
4. Калган кылмыштар тууралуу иштер ачык айыптоо кылмыш иштери болуп саналат. Бул иштер боюнча кылмыш куугунтугу жабырлануучунун арыз бербегенине карабастан жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149, 2023-жылдын 22-декабрындагы № 209, 2024-жылдын 22-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 января 2024 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 декабря 2023 года № 209 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 26 июля 2023 года N 149 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.01.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жарашуусу менен Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесине ылайык алынып салынды: кыскартылышы мүмкүн.
кошулду: кыскартылат.
3. Эгерде ушул кылмыш көз каранды же алсыз абалдагы, же болбосо башка … 2023-жылдын 26-июлундагы № 149, 2023-жылдын 22-декабрындагы № алынып салынды: 209 кошулду: 209, 2024-жылдын 22-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-24" title="24-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>