Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
170-берене. Тергөө аракетинин протоколу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 ноября 2024 года № 183
1. Тергөө аракетинин протоколу тергөө аракетин жүргүзүүнүн жүрүшүндө же түздөн-түз ал аяктагандан кийин түзүлөт.
2. Протокол кол менен жазылышы же компьютердик ыкма менен даярдалышы мүмкүн. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу үчүн стенографиялоо, фотосүрөткө тартуу, үн жана видеожазуу колдонулат. Стенографиялык жазуу, фотосүрөт, үн жана видеожазуу материалдары иш менен бирге сакталат.
3. Протоколдо тергөө аракети жүргүзүлгөн жер жана датасы, анын башталган жана бүткөн убактысы, протоколду түзгөн адамдын кызмат орду жана фамилиясы, аты-жөнү,
тергөө аракетине катышкан ар бир адамдын аты-жөнү, ал эми зарыл болгон учурларда алардын дареги да көрсөтүлөт. Протоколдо процессуалдык аракеттер кандай тартипте болсо, ошол тартипте аларды жүргүзүүдө аныкталган иш үчүн олуттуу болгон жагдайлар, ошондой эле тергөө аракетин жүргүзүүгө катышкан адамдардын арыздары баяндалат.
4. Эгерде тергөө аракетин жүргүзүүдө сүрөткө тартуу, үн жана видео жазуу колдонулса же издердин кептери жана көчүрмөлөрү даярдалса, чиймелер, схемалар, пландар түзүлсө, протоколдо мындан тышкары тиешелүү тергөө аракетин жүргүзүүдө колдонулган техникалык каражаттар, аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби, бул каражаттар колдонулган объекттер жана алынган натыйжалар да көрсөтүлүүгө тийиш. Мындан тышкары, техникалык каражаттарды колдонуунун алдында бул тууралуу тергөө аракетин жүргүзүүгө катышкан адамдарга билдирилгендиги тууралуу протоколдо белгиленүүгө тийиш.
5. Протокол тергөө аракетин жүргүзүүгө катышкан бардык адамдарга таанышуу үчүн берилет. Аларга протоколго киргизилүүгө тийиш болгон сын-пикирлерди айтууга укугу бар экендиги түшүндүрүлөт. Протоколго киргизилген бардык сын-пикирлер, толуктоолор жана оңдоолор ошол адамдар тарабынан сүйлөшүлүүгө жана алардын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
6. Эгерде адвокаттан баш тартуу тергөө аракети жүргүзүлүп жаткан убакта билдирилсе, анда ушул тергөө аракетинин протоколуна бул жөнүндө белги коюлат.
7. Протоколго тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы, суракка алынган адам, котормочу, адис, адвокат жана тергөө аракетин жүргүзүүгө катышкан башка адамдар кол коёт. Тергөө аракетинин протоколуна кол коюудан баш тартылган же мүмкүн болбогон учурда, ушул фактыны ырастоо ушул Кодекстин 171-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
8. Протоколго тергөө аракетин жүргүзүүдө аткарылган сүрөттөр, диапозитивдер, сурактын фонограммалары, видеожазуунун кассеталары, маалыматтык электрондук алып жүрүүчүлөр, чиймелер, пландар, схемалар, издердин түшүрмөлөрү жана көчүрмөлөрү тиркелет.
9. Эгерде тергөө аракетинин жүрүшүндө жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча адис тарабынан расмий документ түзүлсө, анда ал протоколго тиркелет, бул жөнүндө анда тиешелүү жазуу жазылат.
10. Жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн, айыпталуучунун жана тергөө аракеттерине катышкан башка адамдардын жана алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл деп болжоого негиздер болгондо, тергөөчү көрсөтүлгөн адамдар катышкан тергөө аракетинин протоколуна алардын инсандыгы жөнүндө маалыматтарды жазбайт. Бул учурда тергөөчү токтом чыгарууга милдеттүү, анда тергөө аракетинин катышуучусунун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды жашыруун сактоо жөнүндө чечим кабыл алуунун себептери баяндалып, псевдоними жана койгон колунун үлгүсү көрсөтүлүп, аларды анын катышуусунда тергөө аракеттеринин протоколдорунда пайдаланат. Токтом чапталган конвертке салынат, анын мазмуну менен тергөөчүдөн тышкары, прокурор жана судья гана тааныша алат.
(КР 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-170" title="170-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>