121-берене. Мүлккө камак салуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 30 марта 2023 года № 75
1. Материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын, башка мүлктүк жаза чараларынын ордун толтуруу же мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоо бөлүгүндө өкүмдү аткарууну камсыз кылуу максатында тергөөчү, прокурор мүлккө камак салуу боюнча чараларды көрөт.
2. Ушул беренеде каралган тартипте жана шарттарда материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында жабырлануучу тергөө судьясына мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу.
3. Мүлккө камак салууда, кылмыш иши өндүрүшүндө турган адам прокурордун макулдугу менен тергөө судьясынын алдында шектүүнүн, айыпталуучунун, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын мүлкүнө камак салуу жөнүндө токтом чыгарат. Токтомго өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу иштин материалдарынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет.
4. Эгерде мүлк шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында алынган же болбосо кылмыштын куралы же каражаты катарында колдонуу үчүн пайдаланылган же арналган деп болжолдоого жетиштүү негиздер болсо, башка адамдарда турган мүлктөргө камак салынышы мүмкүн.
5. Өтүнүч кылмыштын кыскача баяндамасын, квалификациясын, шектүү, айыпталуучу же кылмыш менен келтирилген залал үчүн жоопкерчилик тартуучу адам жөнүндө маалыматтарды, кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын мүнөзүн жана өлчөмүн, ага камак салуу сунуш кылынган мүлктүн наркын, анын турган жерин, мүлккө камак салуунун зарылдыгы жөнүндө тыянактарды камтууга тийиш.
6. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтом жана ага карата материалдар тергөө судьясына камак салууга жаткан мүлк аныкталган учурдан тартып 48 сааттан кеч эмес берилүүгө тийиш.
Белгиленген мөөнөттү бузуу мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет. Өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу тиркелген документтер менен мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү шектүүгө, айыпталуучуга анын адвокатына тергөөчү тарабынан аны тергөө судьясына бергенге чейин 3 сааттан кеч эмес мөөнөттө тапшырылат.
7. Мүлккө камак салуу менчик ээсине же мүлктүн ээсине аны тескөөгө жана зарыл учурларда аны пайдаланууга тыюу салуудан, ошондой эле мүлктү алып коюудан жана сактоого өткөрүп берүүдөн турат.
8. Мүлккө камак салууга адис катышышы мүмкүн.
9. Тергөө судьясы тарабынан камак салынган мүлк алынып коюлушу же болбосо мүлктүн сакталышы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилүүгө тийиш болгон ошол мүлктүн ээсине же болбосо башка адамга сактоого өткөрүп берилиши мүмкүн, протоколго бул жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат.
10. Шектүүгө, айыпталуучуга таандык болгон акча каражаттарына жана банктардагы жана башка кредиттик уюмдардагы анын эсебинде, салымында же сактоодо турган башка баалуулуктарына камак салууда, ал эсеп боюнча операциялар камак салынган акча каражаттарынын жана башка баалуулуктарынын чектеринде толугу менен же жарым-жартылай токтотулат. Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын жетекчилери бул акча каражаттары жана баалуулуктар жөнүндө маалыматты тергөө судьясынын, судьянын токтомунун, соттун аныктамасынын негизинде, анын ичинде электрондук кол коюлган документ формасында берүүгө милдеттүү.
11. Камак салынууга жаткан мүлк жашырып коюлушу же жок болушу мүмкүн деп болжолдоого негиздер болгон учурда тергөөчү, прокурор мүлк менен бүтүмдөрдү жана башка операцияларды жасоону токтото туруу жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу же болбосо ал тергөө судьясынан чечимин алганга чейин милдеттүү түрдө мындай чечимди тергөө судьясынан 24 сааттын ичинде алуу менен алынып коюлушу мүмкүн.
12. Мүлккө, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө камак салууда ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт. Протоколдун көчүрмөсү анын мүлкүнө камак салынган адамга тапшырылат.
Камак салууга жаткан мүлк болбосо, бул жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт.
13. Мүлккө камак салуу сотко чейинки өндүрүштүн кандай гана баскычында болбосун, кызыкдар жактардын өтүнүчү боюнча тергөө судьясынын токтому менен жокко чыгарылышы мүмкүн.
14. Мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоону же кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында, баалуу кагаздарга же болбосо алардын сертификатына камак мүлктүн турган жери боюнча жана ушул берененин талаптарын сактоо менен баалуу кагаздардын ээсинин укуктары эсепке алынган жер боюнча салынат.
15. Баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) камак салынган баалуу кагаздардын жалпы саны, алардын түрү, категориясы (тиби) же сериясы;
2) номиналдуу наркы;
3) мамлекеттик каттоо номери;
4) эмитент жөнүндө же баалуу кагаздарды берген же болбосо баалуу кагаздардын ээсинин укуктарын эсепке алууну жүзөгө ашырган адамдар жөнүндө, ошондой эле эсепке алуу жүргүзүлгөн жер жөнүндө маалыматтар;
5) камак салынган баалуу кагаздарга менчик укугун ырастоочу документтер жөнүндө маалымат.
16. Камак салынган баалуу кагаздарды жоюу, алар боюнча кирешелерди төлөп берүү, аларды конвертациялоо, алмаштыруу боюнча же алар менен башка аракеттерди жасоонун тартиби мыйзамдарда белгиленет.
17. Эгерде айыпталуучунун мүлкүнө камак салуу жөнүндө маселе сотто келип чыкса, анда бул жөнүндө чечимди судья сот тараптардын өтүнүчү боюнча ишти өндүрүшкө кабыл алган күндөн тартып соттук териштирүү аяктаганга чейин кабыл алат, эгерде мындай чараны кабыл албоо материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу бөлүгүндө соттун өкүмүнүн аткарылышын кыйындатса же мүмкүн кылбаса.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
121-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 30 марта 2023 года № 75 "О внесении изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
30.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…болбосо, бул жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт.
13. Мүлккө камак салуу алынып салынды: чарасын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, бул иш анын өндүрүшүндө турган адамдын же органдын токтомунун негизинде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн кошулду: сотко чейинки өндүрүштүн кандай гана алынып салынды: болбосун баскычында алынып салынды: мүлккө камак салуу кошулду: болбосун, кызыкдар жактардын өтүнүчү боюнча тергөө судьясынын токтому менен жокко алынып салынды: чыгарылат.
кошулду: чыгарылышы мүмкүн.
14. Мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоону же кылмыш менен … бөлүгүндө соттун өкүмүнүн аткарылышын кыйындатса же мүмкүн кылбаса.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-мартындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-121" title="121-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>