115-берене. Тергөөнүн жүрүшүндө бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтү жана аларды узартуунун тартиби
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 февраля 2024 года № 49
1. Үй камагы жана камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тергөө судьясынын чечими боюнча ар бир жолу 2 айга чейинки мөөнөткө кабыл алынат.
2. 2 айга чейинки мөөнөттө тергөөнү аяктоо мүмкүн болбогон учурда жана үй камагы жана камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө же жокко чыгарууга негиз жок болсо, бул мөөнөт тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча прокурордун макулдугу менен тергөө судьясы тарабынан узартылышы мүмкүн.
3. Үй камагы жана камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтом бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтү аяктаганга чейин 5 суткадан кеч эмес мөөнөттө тергөө өндүрүшүнүн жери боюнча сотко берилүүгө тийиш. Токтомдо мөөнөттү узартуу зарыл болгон себептер, изилдөө зарыл болгон жагдайлар жана бул бөгөт коюу чарасын сактап калуунун зарылдыгынын негиздери чагылдырылууга тийиш. Өтүнүч тергөө судьясы тарабынан ушул Кодекстин 266-беренесинде белгиленген тартипте каралат.
Камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүнүн ичинде жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жок экендигинин фактысы соттук отурумда аныкталган учурда тергөө судьясы тараптардын өтүнүчү боюнча бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө укуктуу.
4. Тергөө судьясы өтүнүч алынган күндөн тартып 3 суткадан кеч эмес тараптардын катышуусу менен ушул Кодекстин 290-беренесинде каралган тартипте соттук отурум өткөрөт жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) тергөөчүнүн, прокурордун өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу жана айыпталуучуну камактан бошотуу, бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө;
2) бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө.
5. Камакка алуунун мөөнөтү шектүүнү кармаган учурдан тартып ишти сотко жиберүүгө чейин эсептелет. Айыпталуучунун иштин материалдары менен таанышуу мөөнөтү аны камакта кармоо мөөнөтүнө кирет, ал эми мөөнөтү өтүп кеткен учурда ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык узартылууга жатат.
6. Камакка алуунун мөөнөтүнө төмөнкү убакыт кошуп эсептелет:
1) шектүү катары кармалган;
2) соттун чечими боюнча мажбурланып медициналык же психиатрдык мекемеде болгон;
7. Айыпталуучу бир эле иш боюнча, ошондой эле буга кошулуп же андан бөлүп чыгарылган кылмыш иши боюнча кайталап камакка алынган учурда, камакка алуунун мөөнөтү мурда камакка алууда өткөрүлгөн убакытты эске алуу менен эсептелет.
8. Бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому 5 сутканын ичинде прокурор, айыпталуучу жана анын адвокаты тарабынан апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
9. Адамды камакта кармоочу жайдын администрациясы камакка алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун токтомуна ал адамдын жогору турган сотко даректелген даттануусун алган учурдан тартып 12 сааттан кеч эмес мөөнөттө прокурорго кабарлоо менен тиешелүү сотко даттанууну жиберүүгө милдеттүү.
10. Ушул Кодекстин 300-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча ишти сот прокурорго кайтарып бергенде, айыпталуучунун камакта, үй камагында кармоо мөөнөтү бүтсө, бирок иштин жагдайлары боюнча камакта, үй камагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сот тарабынан өзгөртүүгө болбосо, судья (сот) өзүнүн токтому, аныктамасы менен бөгөт коюу чараларынын мөөнөтүн бир айга узартуу жөнүндө маселени чечет.
Көрсөтүлгөн мөөнөттү андан ары узартуу ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана чектерде жүзөгө ашырылат.
11. Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүн бир жылдан ашык узартууга жол берилбейт жана башка бөгөт коюу чарасына өзгөртүлүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
115-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 февраля 2024 года № 49 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
02.04.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…күндөн тартып 3 суткадан кеч эмес тараптардын катышуусу менен кошулду: ушул Кодекстин 290-беренесинде каралган тартипте соттук отурум өткөрөт жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: 1) … жол берилбейт жана башка бөгөт коюу чарасына өзгөртүлүүгө тийиш. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 25 сентября 1998 года N 622 "О первоначальном докладе Кыргызской Республики о выполнении Конвенции против пыток и других жестоких, бесчеловечных…Постановление · 25.09.1998 · № 622 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-115" title="115-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>