290-берене. Соттук териштирүүгө аралыктан катышуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 41-глава
1. Сот ишке катышкан жактардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен жабырлануучуну, күбөнү, экспертти, адисти соттук отурумда видеоконференцбайланыш режиминде суракка алууга (аралыктан суракка алууга) укуктуу, ал жөнүндө жүйөлөнгөн токтом (аныктама) чыгарат.
Видеоконференцбайланыш режиминде аралыктан суракка алуу жөнүндө соттун токтому (аныктамасы) жабырлануучунун, күбөнүн, эксперттин, адистин турган жери боюнча сотко аткаруу үчүн жөнөтүлөт.
2. Жаза-аткаруу тутумунун мекемесинде, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторунда кармалган айыпталуучунун (соттолгондун) соттук териштирүүдө катышуусу видеоконференцбайланыш режиминде жүргүзүлөт.
Айыпталуучунун (соттолгон адамдын), анын адвокатынын же мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү боюнча жаза-аткаруу тутумунун мекемесинде, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторунда кармалган айыпталуучунун (соттолгон адамдын) катышуусу соттук отурум өтүүчү жерде камсыз кылынат.
(КР 2024-жылдын 16-февралындагы № 49, 2025-жылдын 19-майындагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
290-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 19 мая 2025 года № 96 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
19.05.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…териштирүүдө катышуусу видеоконференцбайланыш режиминде жүргүзүлөт.
алынып салынды: Жаза-аткаруу кошулду: Айыпталуучунун (соттолгон адамдын), анын адвокатынын же мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү боюнча жаза-аткаруу тутумунун мекемесинде, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторунда кармалган айыпталуучунун алынып салынды: (соттолгондун) кошулду: (соттолгон адамдын) катышуусу алынып салынды: айыпталуучунун (соттолгондун) же анын адвокатынын өтүнүчү боюнча соттук алынып салынды: отурумдун өткөрүлгөн жеринде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын кошулду: отурум өтүүчү жерде камсыз кылынат.
(КР 2024-жылдын 16-февралындагы № алынып салынды: 49 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 49, 2025-жылдын 19-майындагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-290" title="290-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>