Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
266-берене. Бөгөт коюу чарасын колдонуу, өзгөртүү, ошондой эле бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү кароо тартиби
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 37-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 февраля 2024 года № 49
1. Бөгөт коюу чарасы сотко тергөөчүнүн өтүнүчү келип түшкөн учурдан тартып 5 сааттын ичинде тергөө жүргүзүлгөн жери боюнча же болбосо айыпталуучу кармалган жер боюнча айыпталуучунун, тергөөчүнүн, прокурордун, адвокаттын катышуусу менен ачык соттук отурумда тергөө судьясы тарабынан колдонулат. Соттук отурумуна айыпталып жаткан баланын мыйзамдуу өкүлү катышууга милдеттүү.
2. Айыпталуучу келбей калган учурларды кошпогондо, соттук отурумдун убактысы жөнүндө өз мезгилинде кабарландырылган тараптардын жүйөсүз себептер боюнча келбей калышы өтүнүчтү кароо үчүн жолтоо болуп саналбайт. Адвокат келбей калган учурда айыпталуучу аны башкасы менен алмаштырууга укуктуу.
3. Айыпталуучу жокто бөгөт коюу чарасы түрүндө камакка алууну колдонуу жөнүндө токтом чыгарууга анын келишин камсыз кылуу боюнча толук чаралар көрүлгөндөн кийин гана жол берилет.
4. Соттук отурумдун башталышында тергөө судьясы кандай өтүнүч кароого жата тургандыгын кулактандырат, соттук отурумуна келген адамдарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин тергөөчү аны негиздейт, андан соң соттук отурумга келген башка адамдар угулат.
5. Өтүнүчтү карагандан кийин тергөө судьясы төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат:
1) айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө;
2) суралган бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жана айыпталуучунун абалын начарлатпай турган башка бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө.
6. Тергөө судьясынын токтомунун көчүрмөсү тергөөчүгө, прокурорго, айыпталуучуга, адвокатка тапшырылат жана токтоосуз аткарылууга жатат.
7. Бул бөгөт коюу чарасын колдонуудан баш тартуу жөнүндө тергөө судьясы тарабынан токтом чыгарылгандан кийин ошол эле адамды ошол эле кылмыш иши боюнча камакка алуу жөнүндө өтүнүч менен сотко кайталап кайрылуу адамды камакка алуунун зарылдыгын негиздеген жаңы жагдайлар келип чыкканда гана мүмкүн.
8. Бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо тууралуу токтом камакта, үй камагында кармоо мөөнөтү аяктаганга чейин 5 суткадан кечиктирбестен сотко чейинки өндүрүш жүргөн жери боюнча берилүүгө тийиш. Тергөө судьясы өтүнүч алынган күндөн тартып 3 суткадан кечиктирбестен бөгөт коюу чарасын колдонуу үчүн ушул берене менен белгиленген тартипте төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
2) бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жана айыпталуучунун абалын начарлатпай турган башка бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө.
9. Айыпталуучуну ал жок кезде камакка алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө анын сотко катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган тергөө судьясы тарабынан өтүнүчтү кароого, айыпталуучунун стационардык соттук-психиатриялык экспертизада болгон жана алып салган башка шарттардан тышкары, жол берилбейт, бул тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш. Мында соттук отурумга адвокаттын катышуусу милдеттүү болуп саналат.
10. Бөгөт коюу чарасын колдонуу, бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу же өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому ал чыгарылган күндөн тартып 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу анын аткарылышын токтотпойт.
11. Даттанууну, сунуштарды кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган апелляциялык инстанциядагы соттун чечими даттанылбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 февраля 2024 года № 49 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
02.04.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Айыпталуучуну ал жок кезде камакка алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө алынып салынды: аны кошулду: анын сотко алынып салынды: жеткирүү кошулду: катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган тергөө судьясы тарабынан өтүнүчтү … кабыл алынган апелляциялык инстанциядагы соттун чечими даттанылбайт.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-266" title="266-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>