Орловка шаарынын кеңешинин «Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбасынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн „Орловка шаарынын турак жай-коммуналдык чарба“ муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXXIII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-августу № 172/33-28
Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбасынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн «Орловка шаарынын турак жай-коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 66-беренесинин негизинде Орловка шаарынын кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарбанын бардык функциялары «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
2. Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбасынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
3. Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасовага мэриянын турак жай-коммуналдык чарбасы боюнча бардык материалдык ресурстарды «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына өткөрүү боюнча иш-чара өткөрүү тапшырылсын ( мындан ары турак-жай коммуналдык чарба).
4. Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасовага 2 жумалык мөөнөттө Орловка шаарынын мэринин бекитүүсүнө «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын штаттык тизмесин жана түзүмүн даярдоо тапшырылсын.
5. «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.
6. «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы 2024-жылга бекитилген бюджетке ылайык иш алып барсын.
7. «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын иши 2024-жылдын 1-сентябрына белгиленсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жана «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директоруна жүктөлсүн.
Төрага
М.И.Токтакунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123