67-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары жана аймактык өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташтыгы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 8-глава
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомдоштукка кызмат көрсөтүүлөрдү кыйла натыйжалуу жана ыкчам камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташа алат жана аларга белгилүү бир ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражаттарды жана башка муниципалдык мүлктү өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташтыгы төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же мамлекеттик орган башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кызмат көрсөтүүсү жөнүндө келишим;
2) биргелешкен финансылык макулдашуулар;
3) биргелешкен ишканалар жана башка уюмдар;
4) мыйзамдарда тыюу салынбаган башка формаларда,
3. Жогоруда көрсөтүлгөн кызматташуунун бардык формалары, ошондой эле ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражаттарды жана муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү тийиштүү жергиликтүү кеңеш тарабынан жактырылган шартта жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
67-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 158 "Пилоттук режимде айыл аймактарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын…Указ · 30.04.2026 · № 158
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 11 "Кара-Балта шаарынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш аракеттердин…Постановление · 19.04.2024 · № 11
- Баткен шаардык кенешинин 2025-жылдын 26-августунданы №69 “Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнөн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгына…Постановление · 26.08.2025 · № 69
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 47 "Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024- жылдын 19- апрелиндеги № 11 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 31.12.2024 · № 47
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-67" title="67-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>