34-берене. Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин компетенциялары
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
1. Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештери мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2. Айылдык аймактын, шаардын жергиликтүү кеңешинин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин объекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;
7) тиешелүү мамлекеттик органдарга киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
9) кеңештин регламентин кабыл алуу;
10) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
11) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди мыйзамдарга ылайык бекитүү;
111) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү;
12) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
13) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
14) ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
15) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;
16) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдыча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
17) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (900)
- Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 24 "Жергиликтүү бюджеттен долбоорлорду, иш-чараларды аткарууга үлүштүк каржылоо үчүн бөлүнүүчү каражаттарды бөлүү тартиби…Постановление · 24.12.2021 · № 24
- Ак-Башат айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 9 "Жеке жана юридикалык жактар, ишкердик жүргүзүү үчүн арналган имараттардын менчик ээлери үчүн таштандыларды ташып чыгаруу…Постановление · 26.03.2025 · № 9
- Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 "Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби, тике сатуу, аукциондо, конкурста сатуу ыкмалары аркылуу…Постановление · 27.03.2007 · № 309
- Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 27 "2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 05.04.2022 · № 27
- Ош шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы №231 “Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акы алуу менен берүү тартиби…Постановление · 29.08.2024 · № 231
- Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 143 "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2023 · № 143
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 105 "Ынтымак" жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.12.2022 · № 105
- Ош шаардык кеңешинин кезектеги 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 92 "Ош шаарында мурда башка жактарга берилип кеткен балдар бакчаларын кайра муниципалдык менчикке кайтаруу жөнүндө"…Постановление · 15.11.2022 · № 92
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 150 "Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.08.2024 · № 150
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 88 "Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөө кызматын көрсөтүү акыларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2022 · № 88
- Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-марты № 90 "Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык автотоктотмолордун жана авто коюу жайларынын иш-аракеттерин жөнгө салуу маселелери…Постановление · 31.03.2026 · № 90
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 "Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана…Постановление · 25.12.2019 · № 212
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 100 "Ош шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.12.2022 · № 100
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 104 “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги унаа каражатын сатуу тартиби жөнүндө” жана “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги…Постановление · 27.12.2022 · № 104
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 112 "Нан жана нан азыктары менен камсыздоо жөнүндө" токтомуПостановление · 27.12.2023 · № 112
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 132 "Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 108 дарегинде жайгашкан турак эмес жайды мамлекеттик менчикке ажыратууга макулдук берүү…Постановление · 14.05.2024 · № 132
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 130 "Томми молл" соода-оюн-зоок борборундагы муниципалдык турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу…Постановление · 14.05.2024 · № 130
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 89 "Ош шаарында мүлк салыгы боюнча Кз зоналдык коэффициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2022 · № 89
- Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майы №134 “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы”жана “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын өлчөмүн…Постановление · 30.05.2023 · № 134
- Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы № 20/IV "Узун-Кыр айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2025 · № 20/IV
900 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-34" title="34-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>